БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында "Россия менен бирге болсок жеңилбейбиз" деп аталган колдоо митинги болуп өттү. Бул тууралуу акцияга катышкан жергиликтүү тургундар билдирди.Алардын айтымында, иш-чарага артында эч кандай саясий күч турбаган жөнөкөй эл чыккан.Чогулгандар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ынак мамиле, акыркы убакта көбөйүп кеткен тышкы чагымчылык тууралуу айтышты.Тургундар ушу тапта Россияда жүз миңдеген кыргызстандык иштеп, алар бул жакта калган үй-бүлөсүн, жакындарын багып жатканына да токтолушкан. Аны менен бирге дүрбөлөң түшпөөгө чакырышканы белгиленди.Мындан тышкары, бейөкмөт уюмдардын иши тууралуу да маселе көтөрүлүп, аларга коомчулукту эки жаатка бөлүп жатат деген кине коюлду.
Катышуучулардын айтымында, акцияга артында эч кандай саясий күч турбаган жөнөкөй эл чыккан.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында "Россия менен бирге болсок жеңилбейбиз" деп аталган колдоо митинги болуп өттү. Бул тууралуу акцияга катышкан жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, иш-чарага артында эч кандай саясий күч турбаган жөнөкөй эл чыккан.
Аны менен бирге дүрбөлөң түшпөөгө чакырышканы белгиленди
Чогулгандар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ынак мамиле, акыркы убакта көбөйүп кеткен тышкы чагымчылык тууралуу айтышты.
"Акцияга чыккандардын арасында кыргыздар да, орустар да болду, жалпы жонунан 300дөй киши чогулду. Алар өз сөзүндө негизинен Россия Кыргызстандын жакын досу жана башкы өнөктөшү экенин айтып жатышты", — деди уюштуруучулар.
Тургундар ушу тапта Россияда жүз миңдеген кыргызстандык иштеп, алар бул жакта калган үй-бүлөсүн, жакындарын багып жатканына да токтолушкан. Аны менен бирге дүрбөлөң түшпөөгө чакырышканы белгиленди.
Мындан тышкары, бейөкмөт уюмдардын иши тууралуу да маселе көтөрүлүп, аларга коомчулукту эки жаатка бөлүп жатат деген кине коюлду.