Улуттук банктын алтын-валюталык резерви тууралуу эмне белгилүү? Сереп

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ доллардын пачкалары. Архив
АКШ доллардын пачкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Жазылуу
Улуттук банктын эл аралык резерви 11 валюта түрүнөн, алтын жана башка активдерден, анын ичинде баалуу кагаздардан турат. Акыркы күндөрү Россиянын Борбордук банкынын алтын-валюталык резервинин түзүмү жана алардын бир бөлүгүнүн тоңдурулушу кеңири талкууга алынууда.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан Улуттук банкка кайрылып, республиканын башкы каржылык жөнгө салуучусунун эл аралык (алтын-валюталык) резерви тууралуу сурап көрдү.
Эске салсак, бул резерв сомдун туруктуулугу, ошону менен бирге эле чет элдик валюталардын курсун жөнгө салуу жана ички рынокту каныктыруу үчүн зарыл.

Көлөмү канча?

КР Улуттук банкынын алтын-валюталык резервинин көлөмү 2022-жылдын 7-мартында 2,7 миллиард доллардан ашуун каражатты түзгөн.

Бул канчага жетет?

Улуттук банктын маалыматында, бул импортко карата жарым жылдык керектөөнү жабууга жетет.

Кыргыз Республикасынын эл аралык валюталык резерви кайсы валюталардан жана активдерден турат?

Резервдер алтын жана карыз алуунун атайын укуктарынан (Эл аралык валюталык фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражаты) турат. Ошондой эле буларды камтыган валюталык топтом бар:
доллар;
евро;
швейцариялык франк;
англиялык фунт;
австралиялык доллар;
канадалык доллар;
сингапурдук доллар,
япониялык йен;
россиялык рубль;
кытайлык юань;
кореялык вон.

Резервдердин түзүмү эмнеден көз каранды?

КР Улуттук банкынын эл аралык резервдеринин валюталык топтомунун түзүмү аталган органдын эл аралык резервдерди тескөө боюнча инвестициялык саясаты менен аныкталат.
Ал эң оболу өлкөнүн тышкы карызынын түзүмүнө жана КР өкмөтү, Улуттук банкынын тышкы милдеттенмелерине жараша түптөлөт.
"Башкача айтканда, валюталык түзүмдү түптөөдө өлкөнүн тышкы милдеттенмелери боюнча тийиштүү ликвиддүүлүгү камсыздалат", — деди Улуттук банктан.
Жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрсөк, резервдерде өлкө тышкы карыздарын (алардын баары чет өлкөлүк валюталарда) төлөй ала турган валюталар бар. Ошондой эле эл аралык резервдердин валюталык структурасы дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү жана эл аралык каржылык рыноктордогу кырдаалга жараша түптөлөт.
Элкарт улуттук төлөм тутуму жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Улуттук банк "Элкарт" пайдаланууну сунуштады. Артыкчылыктары

Резервдер кайда сакталат?

Улуттук банк эл аралык резервдерди жогорку ынанымдуулуктагы жана ликвиддүү инструменттерде: баалуу кагаз, мөөнөттүү аманат, ошондой эле бир күндүк мөөнөттөрдөгү РЕПО операцияларына салат.
Баалуу кагаздар топтому өнүккөн өлкөлөрдүн мамлекеттик баалуу кагаздарын, эл аралык каржылык институттардын кыска жана орто мөөнөттүк инвестициялык инструменттерин камтыйт.
Мөөнөттүү аманаттар эл аралык аброю жогору болгон каржылык институт, чет өлкөлүк борбордук жана коммерциялык банктарга жайгаштырылат.
"Эл аралык резервдерди башкаруу боюнча чечимдер рыноктогу жагдайга жараша кабыл алынат. Муну менен Улуттук банк борбордук банктын максаттары жана функцияларынан улам рыноктун конъюнктурасынын кыска мөөнөттүк өзгөрүүлөрүндөгү чайкоочулук (спекулятивдик) операцияларды жүргүзбөйт. Узак мөөнөттүк милдеттерди карап, ошол эле учурда тышкы чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө өз убагында чара көрөт", — деди өлкөнүн улуттук банкынан.
Ошону менен катар эле бир топ, атап айтканда, өлкөнүн тышкы милдеттенмелеринин структурасы (тышкы карыз боюнча өкмөт менен Улуттук банктын чет өлкөлүк валютадагы төгүмдөрү, ошондой эле чет жердеги КР өкүлчүлүгүн каржылоо сыяктуу министрлер кабинетинин төлөмдөрү), ички валюталык рынок, геосаясий факторлор, анан, албетте, дүйнөлүк экономиканын абалы жана ага божомол эске алынат.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Кыргызстандын банктары насыянын ставкасын көтөрө баштады. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0