Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте кар жааган учурда аял
Бишкекте кар жааган учурда аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
18-мартта республика боюнча туруксуз аба ырайы сакталып, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…+5, Талас өрөөнүндө -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын аймактарында +1…+6, Ысык-Көл чөлкөмүндө + 2…+7 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +3…+5 жана Ош калаасында +4…+6 градусту көрсөтөт.
Как готовят сумелек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Сүмөлөк кантип жасалат — Нооруздун майрамдык тамагы
Жаңылыктар түрмөгү
0