https://sputnik.kg/20220316/vestern-yuniondun-rossiyada-ishin-toktotoru-aytyldy-1062878354.html
Улуттук банк: бир нече күндөн кийин "Вестерн Юнион" Россияда ишин токтотот
Улуттук банк: бир нече күндөн кийин "Вестерн Юнион" Россияда ишин токтотот
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан башка мамлекеттерге жана Кыргызстанга акча которуу кадимки калыбында (Беларусь, Россиядан башка өлкөлөрдөн) жүрүп жатат. 16.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-16T10:22+0600
2022-03-16T10:22+0600
2022-03-16T10:23+0600
кыргызстан
экономика
банк
россия
беларусь
вестерн юнион
https://sputnik.kg/img/07e6/03/10/1062876638_0:907:2047:2058_1920x0_80_0_0_bf00cdf4eb3882075eb967382f250660.jpg
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Вестерн Юнион" 2022-жылдын 24-мартынан тарта Россия менен Беларустун аймагында ишин токтотот. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылган.Кат "БКУ "Вестерн Юнион ДП Восток" компаниясынан келген.Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Россия менен Беларустан тышкары) жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга (Россия менен Беларустан тышкары) бардык акча которуулар кадимки калыбында жүргүзүлөрүн белгилешти. "БКУ "Вестерн Юнион ДП Восток" ЖЧКсы маалымдагандай, компания мындан ары да Кыргызстандын өнөктөштөрү, тагыраагы, коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерин аткара берерин билдирген.
https://sputnik.kg/20220315/swift-rossiya-kyrgyzstan-bank-akcha-kotoruu-1062843475.html
беларусь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/10/1062876638_0:656:2047:2191_1920x0_80_0_0_c05b31ffecb068087f6363cc55ba7bed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, банк, россия, беларусь, вестерн юнион
кыргызстан, экономика, банк, россия, беларусь, вестерн юнион
Улуттук банк: бир нече күндөн кийин "Вестерн Юнион" Россияда ишин токтотот
10:22 16.03.2022 (Жаңыртылды: 10:23 16.03.2022) Кыргызстандан башка мамлекеттерге жана Кыргызстанга акча которуу кадимки калыбында (Беларусь, Россиядан башка өлкөлөрдөн) жүрүп жатат.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Вестерн Юнион" 2022-жылдын 24-мартынан тарта Россия менен Беларустун аймагында ишин токтотот. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылган.
Кат "БКУ "Вестерн Юнион ДП Восток" компаниясынан келген.
"2022-жылдын 24-мартынан тартып "Вестерн Юниондун" банк эсебин ачпай туруп акча которгон системасы өз ишин Россия жана Беларуста токтото тургандыгы жөнүндө "БКУ "Вестерн Юнион ДП Восток" жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү келип түштү. Ага ылайык, Россия жана Беларустан "Вестерн Юнион" системасы аркылуу 2022-жылдын 24-мартына чейин жөнөтүлгөн бардык чек ара аркылуу өтүүчү которуулар алуучуларга төлөп берилет", — деп айтылган маалыматта.
Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Россия менен Беларустан тышкары) жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга (Россия менен Беларустан тышкары) бардык акча которуулар кадимки калыбында жүргүзүлөрүн белгилешти. "БКУ "Вестерн Юнион ДП Восток" ЖЧКсы маалымдагандай, компания мындан ары да Кыргызстандын өнөктөштөрү, тагыраагы, коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерин аткара берерин билдирген.
15 Жалган Куран 2022, 09:51