Чет элдиктер Кыргызстанда жашоого уруксатты кантип алат? Түшүндүрмө

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Жазылуу
Кайсы бир мамлекетте жашоо үчүн сөзсүз анын жараны болуунун зарылдыгы жок. Мисалы, туруктуу же убактылуу жашоого уруксат алса болот. Бүгүн чет элдиктерге Кыргызстанда жашап туруу үчүн кандай шарттар коюлганын кеп кылабыз.
Кыргызстанда өлкө жараны болбой туруп жашоого уруксат алуунун шарттары кандай жана мындай мүмкүнчүлүккө кимдер ээ боло алат? Бул суроого жооп алуу үчүн Sputnik агенттигинин кабарчысы "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга көз жүгүрттү. Ошондой эле материалды даярдоого Мамкаттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин адистери жардам берди.
Мыйзамга ылайык, Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр (же жарандыгы жок адамдар) жашап турууга уруксат алуу үчүн миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга кайрыла алышат. Жашап турууга уруксат убактылуу жана туруктуу болуп бөлүнөт.
Убактылуу жашоо үчүн уруксат бир жылга берилет, аны чет элдиктер жыл сайын узартып турса болот. Бирок бул документ менен Кыргызстанда беш жылдан ашык жашоого мүмкүн эмес.
Ал эми туруктуу жашоого уруксат алгандар беш жыл сайын убактысын узартып туруусу зарыл. Анткен менен 45 жаштан өткөн чет элдиктер паспортунун жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин каттоодон өтпөй жашай бере алат.

Уруксат алуу

Алты айдан ашык мөөнөткө келген чет өлкөлүктөр убактылуу жашап туруу документин алат. Ал эми иммигрант статусу берилген жана Кыргызстанда беш жылдан ашык жашаган кишиге туруктуу жашоого мүмкүнчүлүк берилет. Убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат катары берилген документ жарактуу учурда чет өлкөлүк киши Кыргызстанга визасыз кирип-чыга алат.

Тапшырылчу документтер

Кыргызстанда алты айдан кем эмес жүргөн чет өлкөлүк жаран жашаган жери боюнча аймактык органдарга арыз менен кайрылышы керек. Арыз берүүгө жашы 18ден өткөн адамдардын укугу бар. Ал өзүнүн ким экенин тастыктоочу документтерди, саламаттыгы тууралуу (СПИД борборунун, наркология жана психоневрология борборлорунан) жана өзүн камсыздай алары (киреше булагы көрсөтүлгөн) боюнча маалым каттарды даярдап, көчүрмөлөрүн тапшырышы керек. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандан мекенинде соттолбогондугу жөнүндө, ал эми жарандыгы жокторго Кыргызстанга келгенге чейин жашаган мамлекетте соттолбогондугу боюнча маалым кат талап кылынат. Баса, кайрылган чет элдиктин документтеринин жарактуу мөөнөтү алты айдан кем болгон учурда гана кабыл алынат.
Ошондой эле ар бир документ мамлекеттик же расмий тилге которулуп, анын туура экени нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү зарыл.
Казакстандагы 2022-жылдын январь айындагы газ митингдери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда 19 чет элдик жаранга иш козголду, арасында эки кыргызстандык бар

Канча мөөнөттө каралып бүтөт?

Убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн берилген документтер бир айдын ичинде, туруктуу жашоого бир жылдын ичинде каралып бүтөт.

Кимге артыкчылык берилет?

Жакын туугандары (ата-эне, бала, бир тууган, мыйзамдуу жары) Кыргызстандын жараны болуп, бул жакта жашагандарга уруксат алуу жеңилирээк.

Кайсы учурда уруксат берилбейт?

Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирсе, террордук, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо;
документтерди даярдоодо өзү тууралуу жалган маалымат берсе, виза жана жашап турууга уруксат алуу тартибин сактабаса;
Кыргызстанда кылмыш кылса, өндүрүш аяктап же жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин;
башкаларга залакасын тийгизе турчу же өзгөчө көзөмөлдү талап кылчу оорусу бар болсо;
өзүн жана багуусунда турган адамдарды камсыз кыла албаса.
Ушул эле себептерден улам жашап турууга мурда берилген уруксат жокко чыгарылышы мүмкүн.

Өлкөдөн чыгарып жиберүү

Чет өлкөлүк же жарандыгы жок адам Кыргызстандын аймагында кылмыш кылса, мыйзамга ылайык жазага тартылат. Жаза мөөнөтү аяктаган соң мыйзамда же кайсы бир эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстанда калышы керек болбосо, өлкөдөн чыгарылып, бир нече жыл кайра кайтып келүүгө тыюу салынат. Тагыраагы:
жоруктарды жасагандыгы үчүн — 2-3 жыл;
анча оор эмес кылмыштар үчүн — 5 жыл;
оор кылмыштар үчүн — 10 жыл;
өзгөчө оор кылмыштар үчүн — өмүр бою.
Ош базарынын жанында жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Кыргызстанда 100 миңдей киши иш издеп жатат. Жыл башындагы статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0