Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Маткасымов: Орто Азия боюнча ири завод ачуу алдында турабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы биринчи технологиялык ишкер Убай Маткасымов
Кыргызстандагы биринчи технологиялык ишкер Убай Маткасымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Жазылуу
Кыргызстандагы биринчи технологиялык ишкер Убай Маткасымов учурда компанияда 50-70ке чейин адам эмгектенерин айтты.
“Маткасымов” атындагы компания 2014-жылы негизделип, алгач антенна чыгарууга адистешкен болсо, учурда үтүктөө тактасы, телевизорлорго кронштейн, антенналардын түрлөрү, кийим кургаткычтар, электр жана газ панелдери сыяктуу бир топ тиричилик буюмдарын чыгарып келет. Пандемия мезгилинде өндүрүштө антисептикалык диспенсерлерди, коомдук жайларда адамдарды дезинфекциялоо үчүн тоннелдерди, рециркулятор сыяктуу продукцияларды чыгарып, мамлекеттик ооруканаларга берди. Натыйжада инвесторлор байкап, өндүрүшкө инвестиция салышты. Азыр Орто Азия боюнча чоң завод ачуу алдында турабыз. Бул тууралуу Убай Маткасымов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Маткасымов: Орто Азия боюнча ири завод ачуу алдында турабыз
Анын айтымында, учурда компанияда 50-70ке чейин адам эмгектенет.
"Казакстанда, кийин Бишкектеги "Аламүдүн" базарында соодагер болуп иштеп жүрдүм. Кичинемден өндүрүшкө шыгым бар. Ошол кезде Кыргызстан санарипке өтүп жаткан мезгил болчу. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап, биз да өндүрүштү баштадык. Башында 1000 сомго зым, жөнөкөй эле кычкач, балка сатып алып эле ишти баштагам. Жасаган антеннамды базарга өзүм алып барып өткөрүүгө аракет кылдым. Негизги кемчилигим товарды таңгактабаганымда болду. Таңгактагандан кийин гана эл ишенип ала баштады. Көп ишкерлер реинвестиция жасабай ката кетирет деп эсептейм. Ошондуктан үй, машина албастан, антеннадан түшкөн кирешени кайра эле өндүрүшкө сала бердик. Бул бизге ассортиментти көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк берди. Мындай продукция Кытайдан келет, бирок биз жергиликтүү элдин суроо-талабын аларга салыштырмалуу жакшыраак билебиз. Азыр импорттук товарлардын ордун басып жатат десем болот. Анткени биздин продукция салыштырмалуу кыйла сапаттуу. Продукцияны коңшу өлкөлөрдүн рыногуна чоң көлөмдө алып чыгуу үчүн кошумча нарк салыгын төлөө маселеси тынчсыздандырып келет. Бизде чийки заттын 80 пайызы сырттан келет жана аны салык менен алабыз. Товарды экспортко чыгарганда кошумча нарк салыгы жок сатабыз. Ошол маселе каралса, бизге кыйла жеңилдик болмок. Бирок биз бул көйгөйгө көп көңүл бурбастан, чийки затты Кыргызстандын ичинен тапканга аракет кылуудабыз. Мисалы, үтүктөөчү тактайдын тетиктерине керектелүүчү пластиктерди тиричиликте колдонулуп, таштандыга кетүүчү бөтөлкө сыяктуу буюмдарды сатып алып, аны иштеп чыгып өндүрүшкө колдонуудабыз", — деди Маткасымов.
Ал окуу жайлар менен келишим түзүп, балдарга өндүрүш тармагында тажрыйба алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0