Муфтият маркумду узатуу жөрөлгөсү боюнча фатва чыгарды. Чектөөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДиний кызматкер. Архив
Диний кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын муфтияты маркумду узатуудагы ысырапкорчулукту алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды.
Анда ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып мал союлбай, тамак берилбей турганы белгиленген.
"Сөөк чыккан үйдүн кошуналары ошол үйдөгүлөргө көңүл айтып, туугандары тамак алып келип туруусу жакшы иш. Бул кошуналардын жана туугандардын милдети. Жакын адамын жоготуп, кайгыга батып турган маркумдун жакын туугандарынын малын союп, аларга тамак жасатып, жеп олтуруу шариятка туура келбейт (макрух). Маркумдун артында чыркырап балакат жашына жете элек жетимдер калган болушу мүмкүн. Мындай учурда жаназага келгендерге мал союп тамак-аш уюштуруу арам болот", — деп жазылат муфтияттын фатвасында.
Анда төмөнкүлөр сунушталат:
Азалуу үйдө алгачкы үч күн ичинде мал союлуп, келгендерге эч кандай дасторкон жайылып, тамак-аш берилбесин;
Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык жана башка ушул сыяктуу аттар менен жайылып жаткан дасторкондор эч бир диний китептерде айтылган эмес;
Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, "жыртыш" таратып берүү, кийит кийгизүү шариятта жок;
Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе, ысырапкерчилик. Күмбөз курганга кеткен акчаны жетим-жесирге, жакыр-муктаждарга берсе, сообу, пайдасы көбүрөөк болот;
Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.
Ошондой эле маркумдун артынан кайрымдуулук кылуу жалаң гана элге тамак-аш таратып, сооп багыштоо менен чектелбей турганы айтылды. Анын ордуна коомчулукка пайдасы тие турган мечит, медресе, мектеп же оорукана сыяктуу социалдык мекемелерге керектүү жабдыктарды алып берсе, маркумга дагы сообу тиери белгиленген.
Аза күндөрү бүткөндөн кийин каалаган убакытта бир жолу куран окутуу өткөрсө жетиштүү болот. Маркумга багышталган кайрымдуулукту кедей-жакырларга берсе да максатка ылайыктуу болору эскертилди.
Кой да союлбасын, 150 миң сом айып салынсын. Той-ашты чектөө сунуштары видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Кой да союлбасын, 150 миң сом айып салынсын. Той-ашты чектөө сунуштары видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0