Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШнын Украинадагы биолабораториялары: чабуул даярдалып жатат

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийРоссия Илимдер академиясынын академиги, профессор Геннадий Онищенко. Архивдик сүрөт
Россия Илимдер академиясынын академиги, профессор Геннадий Онищенко. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд Украина территориясында америкалык биолабораториялар бар экенин мойнуна алган билдирүү жасады.
Россия Коргоо министрлигинин Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясынын жүрүшүндө аталган өлкө аймагында АКШнын ондон ашуун биолабораториясы бар экенин тастыктагандан кийин америкалыктар аны моюндап, кесепети үчүн жоопкерчиликти Россияга оодара салууга шашты. Бул Россияга каршы биологиялык терактылардын башталышын туюндурган белги болушу мүмкүн деди Россия Илимдер академиясынын академиги, профессор Геннадий Онищенко Sputnik агенттигине маек куруп жатып.
"Биологиялык курал жасоо иши согуш кооптуулугун азайтуу боюнча агенттиктин көзөмөлү алдында жүрүүдө. Ал АКШнын Коргоо министрлигине карап, ошол жактан каржыланат. Эч кандай тынчтык максатын көздөбөйт. Лабораториялардын эки түрү бар: СССР маалындагы Саламаттык сактоо, Айыл чарба министрликтеринин же кандайдыр бир илим изилдөө институттарынын кайрадан жасалып, жабдылганы жана курулушу нөлдөн башталган заманбап объектилер", — деди маектеш.
Анын айтымында, он жылдан ашуун убакыт мурун Россия бир нече ирет мурунку союздук республикалар Грузия, Казакстан, Азербайжан жана Украинада курулган лабораториялар боюнча маселе көтөрүп, алардын россиялык чек арада жайгашканын талкуулоого аракет кылган. Бирок америкалыктар россиялыктар менен эсептешүүнү каалаган эмес, анткени жалпы персонал да, лабораториялар да АКШнын армиясына баш ийип келген. Буга чейин айтылып келген тынчтык дарыгерлери, балдарга кам көрүү деген болбогон сөз.
Аскердик даярдык. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада биологиялык курал иштелип чыккан. РФ министрлигинин билдирүүсү
"Украинанын аймагындагы мындай лабораториялардын 15и тууралуу билем. Бул негизинен кайра жасалып чыккан мурунку биздин лабораториялар, жаңылары да болушу мүмкүн. Кайра жабдылганынан мисал келтире кетейин. 1980-жылы өлкө Олимпиада оюндарына даярданып жаткан маалда Одесса портунда бизге келчү адамдарды текшерип, жаңы инфекцияларды алдын алуу үчүн лабораториянын типтүү корпусу курулган. Бул 9 кабаттуу имарат, көп ирет болгом. Постсоветтик маалда ал тосулуп, кайра жабдылган, керек болсо Украинанын премьери да ал жакта эмне бар экенин билчү эмес", — деп түшүндүрдү Онищенко.
Маектеш Украина аймагында изилденген вирустар, микроорганизмдер модификацияланып, вируленттүүлүгү (организмди ууландыруу) жана патогендүүлүгү жогорулатылышы мүмкүн экенин белгиледи. Эгер Россияда кайсы бир инфекция пайда боло турган болсо, ал "түп нускасынан" кыйла кооптуу келип, дарылоого мүмкүн болбой калат да өтө тездик менен жайылып кетет.
Онищенко дүйнө жүзү кабылган коронавирус да лабораториядан чыгарылышы толук мүмкүн экенин, ага АКШнын биолабораторияларынын тиешеси болушу мүмкүндүгүн белгиледи. Бул вирус табигый инфекцияга кирет, Кытайда, Россияда буга чейин деле болуп, адамга таасир этчү эмес. "Анан кокусунан эле түрү өзгөрүп, адамга жугуп кетиши кызык".
Академик вирус атайылап жасалганын далилдөөгө болорун айтып, бирок бул үчүн лабораторияларга көзөмөл жүргүзүү механизмдерине ээ болуу зарыл экенин кошумчалады.
"Албетте, окумуштуулар баарын иликтеп тактап чыгат, бирок кимдир бирөөгө доо коюуга мүмкүн эмес. Анткени бактериологиялык жана токсиндик куралды өндүрүүгө, иштеп чыгууга тыюу салуу жана аларды жок кылуу боюнча 1972-жылы кабыл алынган Конвенция бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу иштебейт, көзөмөлдөө механизми таанылган эмес", — деди ал.
Онищенко мындай механизм 2001-жылы учактар Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунараларын кыйратып кеткенден кийин иштелип чыкканын айтты. Бирок туура бир жумадан кийин, 2001-жылдын 18-сентябрында, Америкада кооптуу оорудан улам адамдар, биринчи кезекте журналисттер өлө баштаган.
Украинанын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин Донбасска кол салуу планы боюнча купуя документ Россиянын колуна тийди
"АКШ конгресси комиссия түзүп, бул күйдүргү пневмониясы экени тастыкталган. Ал инфекциялык оорулар аскер-медициналык илим изилдөө институтунан чыккан. Мекеме чабуул коюучу аскер программалары менен алектенип келген жана ишин уланта бермекчи. Алар бул терактыны Афганистанга кирүү үчүн уюштурушкан. Киришти, биз болсо аскер учактарына Россия аймагынан учуп кетүүгө уруксат берип койдук", — деп оюн улады эпидемиолог.
Ульяновскиде Афганистандын аймагына кирүү үчүн америкалык аскерий база түзүлгөн, мурунку СССРдин Өзбекстандагы аскер базалары колдонулган, керек болсо Кыргызстандагы башкы аэропорт Афганистанга жүк ташыган америкалык учактар үчүн пайдаланылган. Мына, америкалыктардын өз элине каршы уюштурган терактысынын кесепети ушундай болду дейт Онищенко. Профессор америкалык биолабораторияларга ошол боюнча эч ким көзөмөлдөй албаганын белгиледи.
Ал Украинада түптөлгөн потенциал өтө кооптуу экенине токтолду. Айтымында, америкалык микробиологдор гибриддик чабуул катары Россияга каршы колдонулушу мүмкүн болгон рецептураларды иштеп чыгышкан. Бул "маалыматтык-террордук чабуул менен коштоло турчу террордук акт болушу ыктымал. Чындыктан алыс, бирок дүйнө популяциясынын психикасына оңбогондой таасир эткен, коркуткан, дискредитациялаган кырдаалды түзүп келе жаткандарына күбөбүз".
"Алардын бүтүндүүлүгүнүн (лабораториялардын — ред.) америкалыктар тарабынан бузулушунан кудай сактасын, бул колдорунан келет. Чабуулду даярдап жатышат. Нуланд кайсы бир сержант жазып берген бөлөк бирөөнүн текстин окуп койду. Бул Украина жана Россия эли үчүн реалдуу кооптуулук. Биологиялык терактыны чек аралаш аймакта эле эмес, бардык жерде билинбей жасоого болот, кесепети көптө барып билинет", — деди Онищенко.
"Украина бийлиги өлкө аймагына АКШнын аскерий-биологиялык базаларын түзүүгө жардам берип өз элине каршы кылмыш жасады. Бул үчүн жооп бериши керек. Андыктан бүгүнкү күндө Украинадагы лабораториялардын баарын көзөмөлгө алууга болгон аракетибизди жумшашыбыз керек, калганын биздин адистер жолго салат", — деди профессор.
Маекти толугу менен "Sputnik на русском" Youtube-каналынан көрүүгө болот.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинада биолаборатория бар экенин моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0