https://sputnik.kg/20220309/sadyr-zhaparov-oppozitsiya-pozitsiya-yntymak-1062716643.html
Жапаров депутаттарды оппозиция-позиция болбой ынтымакта иштөөгө чакырды
Жапаров депутаттарды оппозиция-позиция болбой ынтымакта иштөөгө чакырды
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчынын айтымында, кылдан кыйкым издебей, ишти илгерилетүүнүн үстүндө гана алектенүү абзел. 09.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-09T18:25+0600
2022-03-09T18:25+0600
2022-03-09T18:29+0600
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
депутат
ынтымак
оппозиция
https://sputnik.kg/img/07e5/01/14/1051166087_0:62:1000:625_1920x0_80_0_0_21f68c7bba1d71dd938cc2bb2ceded7e.jpg
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кризис мезгилинде оппозиция-позиция деп бөлүнбөй ынтымакта иштөөгө чакырды.Ал бүгүн парламентке келип, айрым министрлердин ант берүү аземине катышып, андан соң кайрылуу жасады.Ошондой эле ал депутаттарга кайрылып, экономикалык агым акыйлашып отурууга карабай турганын айтты."Биздин биринчи приоритетибиз экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, кылдан кыйкым издебей, ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүшү биздин сындашып, акыйлашып отурганыбызга карабайт", — деди президент.Мамлекет башчы андыктан амбицияларды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей бул сыноодон татыктуу өтүш үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп жатканын белгиледи.
https://sputnik.kg/20220309/sadyr-zhaparov-ukraina-boyuncha-kommentariy-1062715653.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/14/1051166087_84:0:917:625_1920x0_80_0_0_864a99405ce4e28385c450f8a53a3fb0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, депутат, ынтымак, оппозиция
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, депутат, ынтымак, оппозиция
Жапаров депутаттарды оппозиция-позиция болбой ынтымакта иштөөгө чакырды
18:25 09.03.2022 (Жаңыртылды: 18:29 09.03.2022) Мамлекет башчынын айтымында, кылдан кыйкым издебей, ишти илгерилетүүнүн үстүндө гана алектенүү абзел.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Президент
Садыр Жапаров кризис мезгилинде оппозиция-позиция деп бөлүнбөй ынтымакта иштөөгө чакырды.
Ал бүгүн парламентке келип, айрым министрлердин
ант берүү аземине катышып, андан соң кайрылуу жасады.
"Доллардын курсу, күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасы барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз. Ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болууда. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын айткан сөзү менен жасаган иши айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иштөө зарыл", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал депутаттарга кайрылып, экономикалык агым акыйлашып отурууга карабай турганын айтты.
"Биздин биринчи приоритетибиз экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, кылдан кыйкым издебей, ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүшү биздин сындашып, акыйлашып отурганыбызга карабайт", — деди президент.
Мамлекет башчы андыктан амбицияларды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей бул сыноодон татыктуу өтүш үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп жатканын белгиледи.
9 Жалган Куран 2022, 18:00