Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абидетегин: ата-эне бала тарбиялоодо жоопкерчиликти ала албай жатат

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Баластан" интерактивдүү балдар журналынын директору Жаныбек Абидетегин
Баластан интерактивдүү балдар журналынын директору Жаныбек Абидетегин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Жазылуу
"Баластан" интерактивдүү балдар журналынын директору Жаныбек Абидетегин үй-бүлө институтуна көңүл бурулбаса, абалды оңдоо кыйын иш болорун айтты.
90-жылдары өлкөдөгү социалдык абалга байланыштуу балдар тиешелүү билим албай, ата-энелер тарбия берүүгө убакыт бөлө албай калган. Мунун кесепети бүгүн билинип жатат. Бул тууралуу Жаныбек Абидетегин Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абидетегин: ата-эне бала тарбиялоодо жоопкерчиликти ала албай жатат
Анын айтымында, балдарды тарбиялап, аларга китеп окуп берүүдө ата-эне жоопкерчиликти ала албай жатат.
"Өлкөдө көйгөйлүү маселе көп. Аны чечүүнүн негизги жолу — билим алуу. 90-жылдары өлкөдөгү социалдык абалга байланыштуу балдар тиешелүү билим албай, ата-энелер тарбия берүүгө убакыт бөлө албай калган. Ага байланыштуу үй-бүлө институту ыдырап, ата-эне баланы тарбиялоодо жоопкерчиликти ала албай жатат. Өспүрүм курактагы бала убактысынын көбүн ата-энесинин жанында өткөрөт, демек, тиешелүү тарбияны ошолор бериши керек. Мисалы, адабият, телеканал, социалдык тармактарды күнөөлөө туура эмес. Ата-эне бала менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, үлгү боло тургандай таасир бериши зарыл. Чогуу ойноп, китеп окуп баланын жүрүм-турумун аныкташы керек", — деди Абидетегин.
Ошондой эле адис кыргызстандык өспүрүмдөр маалыматтын көбүн орус тилдүү булактардан алып, кыргыз тили четте калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0