Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖаан учурунда аял жоогазындарды сүрөткө тартып жатат. Архив
Жаан учурунда аял жоогазындарды сүрөткө тартып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Жазылуу
Шейшембиге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо жана тоолордо кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-март, шейшембиде, республика боюнча дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл аймагында +3...+8, Нарында +5...+7 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +12...+14, Ошто +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Радио
Жумалиев: быйыл 14 миңге жакын бак-дарак отургузулат
Бишкекте кар жаган учурда кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0