Чочулап жатышат. Аткаминерлер ката кетирсе жазалабоо сунушталды

© Sputnik / Сергей МамонтовДокументке кол коюп жаткан адам. Архив
Документке кол коюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Жазылуу
Юстиция министрлиги жетекчилер жана анын орун басарларын жоопкерчиликке тартпаш керек деген мыйзам долбоору эмнеге иштелип чыкканын түшүндүрүп берди.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Юстиция министрлиги бийлик органдарынын жетекчилерин жана алардын орун басарларын чечимдерди кабыл алган учурда жол берген каталар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бул тууралуу документти министрлер кабинетинин сайтынан окуса болот.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме документте жаңы Баш мыйзамдын негизинде президенти аткаруу бийлигин жетектөөнү баштагандыгын жана ошондой эле ага аткаруу бийлигинин ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлгөнү айтылган. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында өлкөдө масштабдуу реформа өткөрүү зарылчылыгы келип чыккандыгы, анда бийликтин аткаруу бутагына маанилүү роль ыйгарылганы да белгиленген.
Министрликтин билдирүүсүндө ар кандай деңгээлдеги адистер, эксперттер жана мамлекеттик кызматкерлердин өздөрү укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн көптөгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында акыркы жылдарда мамлекеттик кызматкерлердин активдүүлүгүнүн төмөндөгөндүгү белгиленген. Негиздемеде укук коргоо органдарынын аракеттери чочулоону жана ашыкча этияттыкты жаратып жатканы, бул көрүнүш мамлекеттик кызматкерлердин аракетсиздигине алып келери айтылган.
"Аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилеринде чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк болууга тийиш. Буга байланыштуу жана коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу, ошондой эле аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилеринин демилгелерин колдоо, стандарттык эмес чечимдерди издөөнү стимулдаштыруу максатында аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилерин жана алардын орун басарларын коргоо механизмин түзүү зарылчылыгы келип чыкты", — деп белгиленген документте.
Талкууга коюлуп, сунушталган мыйзам долбоорунда жетекчилер менен орун басарларды жоопкерчиликке тартпоо маселеси көтөрүлгөн.
"Сунушталган мыйзам долбоорунда аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилерин жана алардын орун басарларын чечим кабыл алган учурда жол берген каталар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпоо сунушталат. Бул эрежеге пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктан улам жасалган жосундар кошулбайт. Аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары үчүн сунушталган кепилдик аларга ишенип берилген тармактарда позитивдүү реформаларды жүргүзүүгө, ошондой эле коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берет деп эсептейбиз", — деп айтылган министрликтин документинде.
Козголгон көйгөй боюнча кызыкчылыктар тобуна министрлер кабинетинин түзүмүнө кирген министрликтер, мамлекеттик комитет жана башка органдар кире тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Мугалимди мазактагандарга айып салып, камоо мыйзам долбоору сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0