Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүнүн экинчи раунду аяктады. Жыйынтыгы

© Sputnik / BelTA / Медиабанкка өтүүБеларустагы Россия-Украина сүйлөшүүлөрүндө делегациялардын өкүлдөрү
Беларустагы Россия-Украина сүйлөшүүлөрүндө делегациялардын өкүлдөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Жазылуу
РФ тараптын делегация башчысы Россия менен Украина сүйлөшүүлөрдүн айрым пунктулары боюнча бири-бирин түшүнүштү.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Беларустун Брест облусунда Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду аяктады. Бул тууралуу "Sputnik жакынкы чет өлкө" Telegram-каналы жазды.
Анда төмөнкү учурларга токтолушкан:
Москва үч бөлүктөн турган сунуштарды даярдаган. Анда аскердик-техникалык, гуманитардык-эл аралык жана саясий аспектилер камтылган. РФ тараптын делегация башчысы Владимир Мединскийдин айтымында, Россия менен Украина сүйлөшүүлөрдүн айрым пунктулары боюнча бири-бирин түшүнүштү;
Тараптар бир катар гуманитардык маселелерди, анын ичинде жардам жеткирүү коридорлорун уюштуруу үчүн атышууну убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн макулдашты;
Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси Юрий Подоляк жарандарды эвакуациялоо үчүн атайын байланыш каналдарын түзүү пландалып жатканын айтты;
Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Украина күткөн жыйынтыкка жеткен жок деп билдирди;
Мамдуманын эл аралык комитетинин жетекчиси Леонид Слуцкий Россия менен Украинанын ортосундагы келишимдер жакынкы аралыкта жогорку деңгээлде бекитиле турганын айтты. Макулдашуулар парламенттин күч-аракетин, анын ичинде ратификациялоону талап кылышы мүмкүн;
Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду жакынкы күндөрү өтөт.
ДЭРдин Николаевка айылында жоокерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинада курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 7 млн. рублдан төлөнөт
Мунай өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Газ менен нефтинин кымбатташы: Борбор Азияга таасири кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0