Атыр Абдрахматова акыйкатчы болуп шайланды

© Фото / пресс-служба ЦИК КРАкыйкатчы кызматына даярдалган Атыр Абдрахматова. Архив
Акыйкатчы кызматына даярдалган Атыр Абдрахматова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Акыйкатчы институтун башкарууга төрт талапкер ат салышты.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызмат ордуна шайлады.
Ал эл өкүлдөрүнүн 50 добушуна ээ болду.
Акыйкатчы институтун башкарууга төрт талапкер ат салышты.
Абдрахматованы "Ынтымак", "Ыйман нуру", "Ата Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Бүтүн Кыргызстан" фракциялары сунуштаган. Ага кошуп "Ыйман нуру" фракциясы Маматурайым Момуновдун, Бакытбек Узенбаевдин, "Ынтымак" Турсунбек Акундун талапкерлигин көрсөткөн.
Атыр Абдрахматова 2015-жылы дагы "Республика — Ата-Журт" фракциясы тарабынан акыйкатчылык орунга көрсөтүлүп, өтпөй калган. Андан соң 2020-жылга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп эмгектенген.
БШК өкүлдөрү Бишкектеги шайлоо тилкесинде добуштарды санап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Бишкектеги эки округда добуштар кол менен саналып бүттү. Өзгөрүү барбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0