Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиянын Украинадагы операциясы. 1-мартка караган түнү болгон окуялар

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРоссия менен Украинаны чек арасындагы аскердик курал
Россия менен Украинаны чек арасындагы аскердик курал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жазылуу
Байден өзөктүк согушун шарттай турган кооптуулукту байкаган жок. НАТО алгачкы жолу жамааттык коргонуунун алкагында чара көрүү күчтөрүнүн элементтерин жайгаштырууда.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиянын Украинадагы атайын операциясы уланууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
1-мартка караган түнү эмне болгонун кыскача айтып беребиз.
Ак үйдүн журналисти президент Жо Байденден "америкалыктар өзөктүк согуш болот деп кооптонушу керекпи?" деген суроо узаткан. Байден "жок" деп жооп берди.
Пентагондун билдиришинче, АКШ Россия тараптан НАТО өлкөлөрүнө эч кандай коркунуч жок деп эсептейт.
Вашингтон Байден менен Россиянын президенти Владимир Путиндин байланышышы мүмкүндүгүн четке какпайт, бирок Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки азыр ылайыктуу учур эмес деген пикирин билдирген.
Мамлекеттик департамент АКШ Украинадагы абалды дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр экенин билдирди.
Meta Евробиримдигинин аймагында RT жана Sputnik ЖМКларына чектөө киргизет.
Евробиримдиктин Украинадагы өкүлү Всеволод Ченцов ЕБ өлкөнү катарга кошуу арызын каттаганын билдирди. Болгария, Чехия, Польша, Словакия жана Прибалтика мамлекеттеринин башчылары ЕБден Украинага тезинен кандидат-өлкө макамын берип, аны Биримдикке кошуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышты.
НАТОнун аскер комитети ыкчам отурумдун жыйынтыгы боюнча альянс алгачкы жолу жамааттык коргонуунун алкагында чара көрүү күчтөрүнүн элементтерин жайгаштырып жатканын билдирди.
Сириянын тышкы иштер министринин орун басары Башар Жаафаринин айтымында, АКШнын атайын кызматтары Ислам мамлекетинин* террорчуларын жана башка радикалдык топторду Украинага тартууга жөндөмдүү, Вашингтон бул үчүн бардык логистикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Анын маалыматында, АКШ террорчуларды Ат-Танфа районуна (Америка басып алган Сириянын аймагы) алып барып, ал жактан Афганистанга жана Буркина-Фасого (Батыш Африка) жөнөтүп жатышат.
Беларустун президенти Александр Лукашенко түрк кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен Украинадагы чыр-чатак тууралуу сүйлөштү. Эрдоган чатакты жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Япониянын жеке санкциясына РФ президенти Владимир Путин, ТИМ башчысы Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу, Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев кабылды. Эгер алардын активдери табылса тоңдурулат.
Донецк Эл Республикасында 12 күндүн ичиндеги эскалацияда 20 жай тургун каза таап, 62 киши жаракат алып, 300дөй турак үй жана 150 объект талкаланган.
*ИМ — Кыргызстанда, Россияда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм.
Mastercard системасынын картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Disney, Volkswagen, Mastercard... Россияга санкция жарыялаган бренддердин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0