Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

© AFP / OLIVIER MORINЖер титирөө учурундагы сейсмографтын маалыматтары. Архив
Жер титирөө учурундагы сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жазылуу
Жер титирөө Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларында сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ кабарлады.
Жер титирөө бүгүн саат 09:09да болгон. Ал Кадамжай районунун Пүлгөн, Таш-Кыя, Ынтымак айылдарында 4 балл, Шуран, Котур-Булак, Жийделик, Кызыл-Булак, Кулду айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Сейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Чоң-Алайда эртең менен жер титиреди
Жаңылыктар түрмөгү
0