Чоң-Алайда эртең менен жер титиреди

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAСейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив
Сейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Жазылуу
Ош облусунун аймагында мындан эки күн мурда да жер силкинген.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
Жер саат 08:05те силкинген. Ал Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кулчу, Жар-Башы, Чак, Жар-Тилек айылдарында 3 баллга, Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
10-февраль күнү дагы Оштун бир катар райондорунда 4 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган.
ӨКМдин аппараттык кеңешмеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Жаздагы сел, жер көчкү: ӨКМ башчысы алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0