https://sputnik.kg/20220222/zhusup-abdrahmanov-tasma-tartuu-synak-1062256554.html
Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм тасма тартууга кайрадан сынак жарыяланды
Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм тасма тартууга кайрадан сынак жарыяланды
Sputnik Кыргызстан
Конкурска катышуу үчүн 1-сентябрга чейин билдирмелерди тапшыруу шарт. 22.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-22T11:17+0600
2022-02-22T11:17+0600
2022-09-05T14:36+0600
маданият
кыргызстан
кино
сынак
жусуп абдрахманов
https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053624220_0:295:2048:1447_1920x0_80_0_0_978f1d3b8a4e8b212585d17a2e245b0c.jpg
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган толук метраждуу көркөм тасманын сценарийине сынак кайрадан жарыяланды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.Сынактын максаты жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана атуулдардын арасында мекенчил ойлорду, маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат. Бул үчүн кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу каралган.Конкурска катышуу үчүн 1-сентябрга чейин билдирмелерди тапшыруу шарт, ал эми 31-сентябрга чейин жеңүүчү аныкталат.Анда тасманын сценарийи, автордун резюмеси жана фильмографиясы, оригиналдуу сюжети, багыттардын логикалык жактан өнүгүүсү болушу керек.Билдирмелер мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.Сценарийдин мазмунунда төмөндөгүлөр болбошу зарыл:Билдирмелерди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти кабыл алат. Кошумча маалымат үчүн байланыш номери: 0312301042; 0312300265.
https://sputnik.kg/20211207/byiyl-kyrgyzfilm-kinostudiyasynda-alty-korkom-tasma-tartyluuda-1054883186.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/15/1053624220_0:103:2048:1639_1920x0_80_0_0_9ec2e483a14040b7df17934cd04c870a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
маданият, кыргызстан, кино, сынак, жусуп абдрахманов
маданият, кыргызстан, кино, сынак, жусуп абдрахманов
Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм тасма тартууга кайрадан сынак жарыяланды
11:17 22.02.2022 (Жаңыртылды: 14:36 05.09.2022) Конкурска катышуу үчүн 1-сентябрга чейин билдирмелерди тапшыруу шарт.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган толук метраждуу көркөм тасманын сценарийине сынак кайрадан жарыяланды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сынактын максаты жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана атуулдардын арасында мекенчил ойлорду, маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат. Бул үчүн кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу каралган.
Конкурска катышуу үчүн 1-сентябрга чейин билдирмелерди тапшыруу шарт, ал эми 31-сентябрга чейин жеңүүчү аныкталат.
Анда тасманын сценарийи, автордун резюмеси жана фильмографиясы, оригиналдуу сюжети, багыттардын логикалык жактан өнүгүүсү болушу керек.
Билдирмелер мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Сценарийдин мазмунунда төмөндөгүлөр болбошу зарыл:
үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик объектилеринен көчүрүп алуу;
баңгизаттарды, алкоголь ичимдиктерин, тамеки тартууну, дары-дармектерди, курал-жарактарды пропагандалоо (актоо);
конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакыруу;
согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка чакыруу;
улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандыруу;
улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттөө;
порнографиялык мазмундагы сценалар;
Кыргызстандын мыйзамдары менен тыюу салынган же таркатууга чек коюлган маалымат материалдары.
Билдирмелерди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти кабыл алат. Кошумча маалымат үчүн байланыш номери: 0312301042; 0312300265.