Баткенде киреше салыгы эки эсеге кыскарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКалькулятордогу сом купюралары. Архив
Калькулятордогу сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
Апрелдин аягында Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепети тийип, жабыр тарткан субъектилердин 2021-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктык карыздары эсептен чыгарылары айтылды.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Баткен облусунун бир катар ишкерлери жана жарандары үчүн киреше салыгынын ставкасы эки эсеге кыскарды. Бул тууралуу Салык боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлады.
"Баткен облусунун бир катар ишкерлери жана жарандары үчүн киреше салыгынын ставкасы эки эсеге – 10 пайыздан 5 пайызга чейин азайды. Андан сырткары, Баткендеги салык төлөөчүлөргө, жеке жактарга Салык кодексине ылайык салыктык жеңилдиктер эки багытта берилет: өзгөчө жеңилдетилген салык режими бар айрым чек ара жанындагы калктуу пунктуларына жана Баткен облусунун бардык аймактарына каралат", — деп кабарланган маалыматта.
Биринчи багытка ылайык, айрым жеңилдиктер берилген калктуу конуштарынын тизмесине киргизилген Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун 62 айылында катталган жана иш жүргүзгөн субъектилерге төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленген:
салык төлөөчүлөрдүн жалданган кызматкерлери үчүн киреше салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө аныкталган;
пайда салыгын, сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулган;
жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.
"Экинчи багытка ылайык, салыктардын бул түрлөрү боюнча жеңилдиктер Баткен облусунун салык органдарында катталган жана өнөр жай ишинин жеңилдиктер берилген түрлөрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөргө инвестициялык макулдашууну түзүүнү талап кылбастан берилет. Алардын Баткен облусунан тышкары жайгашкан обочолонгон бөлүктөрү буга кирбейт", — деп билдиришти аталган кызматтан.
Өнөр жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнө: инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, энергетика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жыйноо өндүрүшү, ар кандай экспортко багытталган өндүрүш кирери айтылды.
2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогундагы окуялардан улам жабырланган субъектилердин 2021-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктык карыздары эсептен чыгарылары (Баткен облусунун чек ара жанындагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген жабыркагандардын тизмесине киргизилгендер) да кабарланды.
Баткен облусунун кире беришиндеги такта. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Баткенге өзгөчө макам берүү: өкмөт инвестиция кайсы айылдарга тартыларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0