Казакстандын Юстиция министрлиги Назарбаевге карата иликтөө жүргүзсө болорун айтты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКазакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жазылуу
2000-жылы "Казакстандын туңгуч президенти жөнүндө" конституциялык мыйзам кабыл алынган. Анда Елбасы президент болуп турган кезде жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деп жазылып турат.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнө карата иликтөө жүргүзсө болот. Бул тууралуу юстиция министри Канат Мусин ЖМК өкүлдөрү менен жолукканда билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Министрдин айтымында, биринчи президент тууралуу мыйзам Елбасыны жана үй-бүлөсүн тергөөдөн эмес, кылмыш жоопкерчилигинен коргоого кепилдик берет.
"Мыйзам тергөөдөн эмес, кылмыш жазасынан коргой алат. Иликтөө жүргүзүүдөн эч ким корголгон эмес. Мен мыйзамда жазылгандарды айтып жатам. Ал жакта кылмыш жоопкерчилиги [мүмкүн эместиги] жөнүндө кеп болууда, кылмыштарды иликтөө жөнүндө сөз жок", — деген Мусин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Юстиция министрлигинин башчысы мыйзам чыгаруу демилгесине Мажилис, президент жана өкмөт ээ экенин, алар туңгуч президент тууралуу мыйзамды жокко чыгаруу сунушун киргизе аларын белгилеген. Мусин бул мыйзамды жокко чыгаруу юридикалык жактан да, моралдык жактан да оор маселе экенин айтты.
Эске салсак, Казакстанда 2000-жылы эле "Казакстандын туңгуч президенти жөнүндө" конституциялык мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, Елбасы президент болуп турган кезде жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Аны ошондой эле камакка алууга, үйүн тинтүүгө, кармоого тыюу салынган.
Елбасынын жана аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке мүлкүнүн дагы кол тийбестиги бар. Буга байланыштуу мүлккө карата кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө болбойт.
Буга чейин журналисттерге Казакстандын коррупцияга бөгөт коюу агенттигинин төрагасы чет элдик ЖМКлар Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн оффшордук эсептери жана сырттагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү тууралуу жазганына карабастан Казакстанда алар боюнча иликтөө жүрбөй жатканын билдирген.
Казакстанда январь окуяларынан кийин туңгуч президент тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, Нурсултан Назарбаев өмүр бою Коопсуздук кеңешин башкаруу жана Казакстан элинин ассамблеясына төрагалык кылуу укугунан ажыраган. Аны менен катар эле ички жана тышкы мамилелер боюнча мамлекеттик демилгелерди Елбасы менен макулдашуу талабы жокко чыгарылган.
Казакстандын желеги жана Nur Otan партиясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Nur Otan партиясынын саясий кеңеши жаңы түзүлүп, Дарига Назарбаева чыгарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0