Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ковиддик диктатура. Батыш коомундагы абалга сереп

© REUTERS / Lars HagbergОттавада вакцинага каршы нааразылык акциялары. Архивдик сүрөт
Оттавада вакцинага каршы нааразылык акциялары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жазылуу
Батыш басма сөзү "россиялык кол салуу" жөнүндөгү жалган маалыматтарды байма-бай жарыялап турганда өз өлкөлөрүндө класстык күрөштүн кезектеги айлампасы башталган.
Украина окуясынан айырмаланып абал кыйла олуттуу: миңдеген эл нааразычылыкка чыгып опуза, репрессия, активисттерди куугунтуктоо да жок эмес.
Бул ирет нааразы эл "Эркиндик конвойу" деген ураан алдында биригишкен. Жагдайга баам салган Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Эркиндик конвойу" кыймылы өткөн айдын аягында Канадада түптөлгөн. Буга узак жолго унаа айдаган жергиликтүү айдоочулардын өкмөткө нааразычылыгы себеп болду. АКШ менен чек арада вакцина алгандыгы боюнча тастыктама талап кылынып, эмделе электер дароо эки апталык карантинге жөнөтүлөт. Ушундан улам фура айдоочулар биригип, нааразылык билдире башташты.
23-январда жүздөгөн жүк ташуучу унаалар акция өткөрүү үчүн Оттавага карай агылды.
Премьер-министр Жастин Трюдо бир нече күн катары менен "маргинал" жана "антиваксер" деп атап, айдоочуларды анчейин тоготпой турган эле. Бирок нааразы топ Оттавага келери айкын болуп калганда мамлекет башчысы үй-бүлөсү менен кошо бункерге жашынганы маалымдалды.
Унаа айдоочулар бир нерселерди талкалоого да, бийликти кулатууга ниети да жок экенин күн мурунтан билдиришкен. Алар тынч жарандык акциясын өткөрүү менен так талаптарын өкмөткө жеткирүүнү гана көздөшөт. Оттавага жеткенде айдоочулар шаардын борбордук көчөлөрүндөгү лагерлерге жайгашты. Албетте, калаада ары-бери жүрүш кыйындады. Бирок жемелеп-жаалап калгандын ордуна шаардыктар аларга кол сунуп, тамак-ашынан бөлүшүп, унааларына май да куюп берүүдө. Калктын жапырт колдоосу болбогондо "Эркиндик конвойу" эбак майтарылмак чыгар, себеби өздөрү эле эмес, үй-бүлөлөрү менен апталап унаада жашаш деген эмне?!
Тургундар айдоочуларды жуунуп, уктап алууга үйлөрүнө чакырып тамак-аштын түрүн сунуп, канистрлерге бензин толтуруп беришти. Ал тургай башта полиция да буйруктарга карабастан камаштын ордуна акцияга чыккандарга жардамдашып жатты.
Отуз биринчи январда узак жол жүргөн айдоочулар АКШ жана Канаданын чек арасына карай жылып, чек ара өтмөктөрүн, эки өлкөнү байланыштырган шоссе жана көпүрөлөрдү бөгөй башташты. Андай блокаданын экономикалык масштабын элестетүү да мүмкүн эмес. Бир эле Амбассадор көпүрөсү аркылуу Кошмо Штаттар Канадага жөнөткөнү бүтүндөй Японияга жиберген көлөмдө.
Украинанын аскер кызматкери машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияны катышпаган согушта жеңилүүчү деп таап жатат
Канадалык бизнес үчүн да Америка эбегейсиз рынок экени талашсыз. Ошондой маанилүү соода байланыштары үзгүлтүккө учурады. Баарынан кызыгы, ошондой кыйынчылыктарга карабай эл айдоочулардын акциясын колдоону токтоткон жок. 31-январда аталган кыймылдын эсебине тогуз миллион канадалык доллар которулган. Бийлик андайда кандай кадамга барарын болжоо татаал деле эместир. Туура баамдадыңыз, краудфандинг платформасына "Эркиндик конвойуна" топтолгон сумманы которууга тыюу салып койду. Андан соң абал кандайдыр пиночеттик нукка бурула баштады. Аталган кыймылга кайрымдуулук кылып, акча которгон жарандар тууралуу маалыматтарды ачык жарыялап салышты. Эми алардын ар бирине айып пул салынып, банк эсептеринин бөгөттөлүшү мүмкүн. Бензин куюлган канистр бергени үчүн да айып салынып же эки жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Камакка алуулар да эбак башталганын да белгилейли.
Жастин Трюдо өлкөдө өзгөчө абал жарыялоо үчүн гана бункерден "башын чыгарды". Сылыктык менен гана "өзгөчө кырдаал жөнүндөгү мыйзам" деп аталганы менен маңызында бул – репрессиялар, акылга сыйбаган жазалоолор жана саясий каршылаштарына каршы армияны колдонуу. Канаданын тарыхында бул мыйзам бир гана жолу Жастин Трюдонун атасы тарабынан колдонулган. Ал да кезегинде өлкөнүн премьер-министри болгон. 1970-жылы атышуу жана жардыруулар менен Квебек Канададан бөлүнүүгө тырышкан эле.
Бийликтин жазалоо чаралары маалымат каражаттарында акция катышуучуларын каралоо кампаниясы менен коштолду. Ар кандай шылдыңга толгон, мазактаган макалалар жарык көрдү. Албууттанган мындай пропаганданы бийлик катуу чочулаганынан улам жүргүзүүдө. Себеби нааразычылык акцияларынын социалдык кеңдиги болуп көрбөгөндөй. "Эркиндик конвоюн" мугалимдер жана жумушчулар, токойчу жана балыкчылар, чакан бизнес ээлери жана фермерлер, дээрлик баары колдоп жатышат.
Баарына себепкер болгон вакцинация жөнүндөгү тастыктама кыязы жөн гана баштапкы түрткү болсо керек. Канада — вакцина алгандардын саны боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. Ошол эле айдоочулардын 85-90 пайызы эмделген. Аларды ийне алуу коркуткан жок. Кеп көнүп калган тиричиликти толугу менен талкалап, бир кездеги жай турмушун жок кылган административдик чаралар кайсы бир топ үчүн пайда көрүү мүмкүнчүлүгүнө айланып калганын баамдап турушканында. Өлкөдө дээрлик эки жыл локдаун өкүм сүрдү. Чакан бизнес сызга батты.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жагдайы: дүрбөлөң салган медиа, өлкөдөн чыгып кеткен "каймактар"
Канада менен АКШнын ортосундагы кыймыл, жүк ташуу бийликтин чечими менен жасалма түрдө токтотулду. Ковиддик чектөөлөр баанын өсүшүнө алып келди. Бийлик баарын пандемияга шылтаганы менен чечимдерди өздөрү кабыл алганын кантип танат? Логистиканы талкалап, билип туруп таңсыктык жараткан дал өкмөт болду. Ал эми андай абалдын азабын карапайым калк тартты. Өлкөнүн расмий адамдары инфляциянын ар кыл көрсөткүчүн жарыялаганы менен былтыр күздө канадалыктардын жарымына жакыны эт сатып алууга да чама-чаркы чак келбей калганын жашырышкан эмес. Баа быйыл да көтөрүлөт деген божомолдор бар.
Ушундай эле көрүнүш Европа менен АКШда да байкалат. "Эркиндик конвою" демилгеси ал жакта да элдин колдоосуна татыды. Кошмо Штаттарда аларды республикачылар, улуу Трамп да, кенже Трамп да колдоодо. Европада фура айдоочулары "сары жилетчендерге" кошулуп, ковиддик чектөөлөргө каршы чыгууда.
Февралда "биздин жана сиздин эркиндик" деген ураан менен ондогон эл Париж, Брюссель, Биарриц, Ларнакта өз эркин көрсөттү. "Эркиндик конвоюнун" акциялары Австралия да, Жаңы Зеландияда да өтүүдө. Бирок бардык жерде бийлик көргөн чаралар бирдей. Камоолор, айып пул салуу бар, суу, көздөн жаш чыгаруучу газ менен атышат. Коронавирус темасын кайрадан козгошот. Өлкө бийлигинин өкүлдөрү, маалымат каражаттары ушуга байланыштырып, акцияга чыккандарды жаманатты кылууга далбастоодо.
Болбосо мында кеп эмдөөлөр жөнүндө да эмес, пандемия шылтоосу менен канчалаган эл жумушунан, кирешесинен, жеке менчиктеринен, жок эле дегенде аянтка чыгып бийликти жоопкерчиликке чакыруу өңдүү бардык укуктарынан кол жууп калганында.
Кантсе да "Эркиндик конвоюнун" талаптары да четинен аткарылып барат. Канада, Германия, Австрия ковиддик чектөөлөрдү акырындап алууда. Бирок калктын жакырланып баратышы жашыруун эмес, түзөлүп баратканын да айтыш кыйын. Бул глобалдуу, орчундуу маселеге айланып калды. Андайга эми чындап суверендүү мамлекеттер гана туруштук бере алчудай.
Жасалма түрдө таңсыктык жаратып, анын эсебинен кимдир бирөөлөр пайда көрүүдө. Эл качан ошол көшөгө артындагыларды тапмайынча нааразылык акциялары улам чыга берери турулуу.
Болбосо ковиддик чектөөлөрдүн өзү кадимки медициналык-санитардык чара гана эмеспи. Демократиялык өлкөлөрдө бул кеңири талкууланат. Маселен, Россияда кьюар-код киргизүү демилгеси коомдо кызуу талкууланып, жактырылган жок. Мамлекеттик Дума ал боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарып, ал эми жашоо өз нугунда уланды.
Демократиялык мамлекеттерде бийлик өкүлдөрү шайлоочуларынын алдындагы жоопкерчиликти сезишет. Ал эми бир кезде "алтын миллиард" атыккан өлкөлөрдүн баарында ушул тапта ковиддик диктатура олчойгон айып пул, камакка алуу менен өкүм сүрүүдө. Ал эми эмделбегендер ансыз да үй камагындагыдай эле турмуш кечиришет. Планетанын эң бай өлкөлөрүндө байкуш эл дал ушундай көрүнүштөргө каршы чыгууда.
Эйслебендеги Gascade газ компрессордук станциясы россиялык газды Европага ташуучу жолдогу станция. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын көзүрү. Батыштын санкцияларынан Европа жабыркайбы
Жаңылыктар түрмөгү
0