Кыргызстандыктар 23-февралда эс алып, бирок бир иш күн кошулат

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер кызматкерлери парад учурунда. Архив
Аскер кызматкерлери парад учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Жазылуу
Буга чейин министрлер кабинети 23-февралды кайра карап чыгууну сунуштап, бирок чечим кабыл алган эмес.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүндө кыргызстандыктар эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Анткен менен ишемби, 26-февраль, иш күнү болот. Себеби бул күндүн эсебинен 5-январь дем алыш катары жарыяланган.
Буга чейин министрлер кабинети майрам күндөрдүн көптүгүнө байланыштуу 23-февраль, 7-апрель, 7-8-ноябрь күндөрүн кайра карап чыгууну сунуштаган.
Праздничные и выходные дни в 2022 году в Кыргызстане — календарь - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
2022-жылдагы майрам жана эс алуу күндөр. Календарь
Жаңылыктар түрмөгү
0