Кыргызстанда малдын башы көбөйүп, тоок азайды

Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Жазылуу
Өткөн жылдын 10-25-декабрь аралыгында республика боюнча мал санагы жүргүзүлгөн.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 2021-жылы кыргызстандыктардын короосундагы мал он миңдеген башка көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Өткөн жылдын 10-25-декабрь аралыгында республика боюнча мал санагы жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча бодо малдын башы 34 691ге көбөйгөнү белгилүү болду. Тагыраагы, алардын саны 1 миллион 750 миңден ашты (2020-жылы 1 миллион 715 миң болчу).
Ал эми кой-эчкинин саны 632 башка кемип, 6 миллион 278 миң 104тү түздү. Жылкынын саны көбөйүп, 2020-жылы 547 253 болсо, былтыр 547 253кө жетти.
Эшектин саны боюнча айтсак, 2021-жылдын соңунда 27 613 башка жетти. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 27ге гана көбүрөөк.
Саны азайган жандыктардын катарында үй канаттуулары бар. Былтыр алар 145 709га азайып, 5 миллион 924 миңге түшүп калды.
Статистика комитети коендор тууралу дагы маалымат берди. 2021-жылы алардын саны 1 660ка кемип, 20 миңдин тегереги болду.
Базарда эт сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Кыргызстан малдын ич этин Египеттен Гонконгго чейин экспорттоду
Жаңылыктар түрмөгү
0