"Мурдагы күйөөм 1,7 млн. сом карыз". Алимент өндүрүү азабы канткенде жеңилдейт
16:55 15.02.2022 (Жаңыртылды: 10:57 26.02.2022)
Жазылуу
Сот департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 59 миңден ашуун адам алимент төлөөгө милдеттендирилген. Ажырашуудан кийин өз баласына каралашуудан качкан аталар арбын. Мындай учурда жалгыз бой калган энелер кантип алимент өндүрөт?
Алимент талап кылып 10 жылдан бери соттошуп, талашып-тартышып келе жаткан аялдар бар. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы алардын арыз-муңун угуп, көйгөйдүн себептерин аныктоого аракет кылды.
Үч балам менен калдым, атасы бизге 1,7 млн. сом карыз
Жанат Нурбекова 2012-жылы эки баласы, үчүнчүсү беш айлык боюнда бар кезинде күйөөсү таштап кеткенин айтты. Учурда ал алимент төлөтө албай жүрөт.
"Жолдошум Эмил Иманалиев менен жашабай калгандан 9 айдан кийин сотко кайрылып, алимент талап кылдым. Ал төлөгөндөн качып досунун компаниясынан 3000 сом маяна алат деген маалым кат алып келди. Анын жарымы аз эле чыгып жатпайбы. Мен макул болгон жокмун. Анан Ленин райондук соту Бишкектеги орточо маянанын 50 пайызындай өлчөмдө төлөө чечимин чыгарды. Ар бир балага айына 2100 сомдон чегерилип, жалпы 6300 сом берүүгө милдеттендирди. 2021-жылдын декабрына карата алименттик карызы 732 миң сомго жетти. Убагында төлөбөгөнү үчүн айып пулдарды кошкондо 1,7 миллион сом болот. Артынан түшүп, сот аткаруучулардан талап кылып жатып болгону 116 миң сом алдым. Ошол эле учурда ал башка аял менен жашап, андан эки балалуу болду", — деди жалгыз бой эне.
Мындан улам ал мурдагы күйөөсүнүн чет өлкөгө чыгышына тыюу салдырып койгонун белгиледи. Бирок алимент өндүрүүгө мындай чаралар жетишсиз экенин айтып, дагы да күчөтүү керектигин айтууда.
"Алимент төлөбөй жатканына даттансам сот ага 20 миң сом айып салды. Ал акчаны дагы мага эмес, мамлекетке төлөйт. Мыйзамда болгон жазасы ушул экен. Укук коргоо органдары андан башка чара колдоно албайт. Анан биз кантип өндүрөбүз? Мыйзамдарды күчөтүп, Түркиядагыдай алименттен качкандарды камап салыш керек. Бизде сүрөтүн коомчулукка жарыялоо мыйзамы чыккан. Бирок ал иштебей жатат, болбосо сүрөтүн чыгармакмын. Азыр "төлөбөсөм эмне кылып аласың?" деп коюп жүрөт. Бир жолу чоң балам менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага атасынын уруксаты жок барбай калган. Кийин мен сотко кайрылып, аталык укугунан ажыратылды. Ал ажырашкан учурда эле балдарынан баш тартарын айткан болчу. Ушундай жол менен алименттен кутулам деп ойлогон экен. Андай эмес, балдары 18 жашка чыкканга чейин толук өлчөмдө төлөшү керек", — деди Нурбекова.
Айлыгын жашырып 257 сом эле берем деп жатат
Нуриза Чынтемирова бир баласы менен мындан үч жыл мурун ажырашкан. Ал алимент иши менен эки жарым жылда Жогорку сотко чейин барганын билдирди.
"Мурдагы күйөөм болгон кирешесин жашырып жүрдү. Негизги жумушунан сырткары Бишкекте үй башчы болуп иштеп, бирок айлыгын расмий каттатпайт экен. Бир жерден 1027 сом аларын көрсөттү, ошонун төрттөн бир бөлүгү 257 сом болуп жатпайбы. Аны үч жылга эсептесе 8000 сом чыкты. Башка ишканада иштегенин билип калып, ал жакты текшерип алиментке 41 миң сом эсептеттик. Андан соң ал ишканадан чыгып кетти. Азыр бир тыйын дагы төлөй элек", — деди Чынтемирова.
Аны менен катар эле жалгыз бой эне алименттен качкан эркектер арбын экенин ырастап, көпчүлүк аялдар өндүрө албай эле калып кетерин кошумчалады.
"Мен мыйзамдарды билип, өзүм иштеп, ата-энем баланы каралашканга жардам бергени үчүн артынан түшүп алимент өндүрүүгө аракет кылып жатам. Эч нерсе албай отурган аялдар көп экенине күбө болдум. Чечим чыкса дагы сот аткаруучулар убагында өндүрүп бербейт экен. "Айлыгым 10 миң сом болсо, сиздин ишиңиз менен эле отура бермек белем" деп бетиңе айтат. Сот департаментине барсаңыздар, узун кезекке турган аялдарды көрөсүздөр. Азыр мага Акыйкатчы аппаратынан жардам берип, иш бир аз жылып жатат", — деди ал.
© Sputnik / Табылды КадырбековСоска с деньгами
800 евро алган ата кыздарына каралашкандан качууда
Ал эми Б. Нурбекова (атын толук атабоону өтүндү — ред.) 2019-жылдан бери эки кызын жалгыз тарбиялап келет. Мурдагы күйөөсүнүн кыздарына болгон карызы 195 миң сомго жеткен. Учурда атасы ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинде 800 евро маяна алып иштегенине карабай, качып жүргөнүн айтат. Ал улуу кызына гана алимент төлөөгө милдеттендирилген, кичүүсү боюнча соттук процесс жүрүп жатат.
"Мурдагы жолдошум кичүү кызым боюмда бар кезде кетип калган. 2019-жылдын декабрында Биринчи май райондук соту ага алимент төлөө чечимин чыгарды. Былтыр апрелден бери ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинде иштеп жатыптыр. Ал жерден алган айлыгынын төрттөн бир бөлүгү 200 евро чыкты. Бирок ал уюм мыйзам талабын аткарбай, бухгалтериясы айлыгынан кармап, мага которбой жатат. Алар соттун чечиминен шек санап, аткаруудан баш тартууда. Эмнегедир өзүнүн кызматкерин коргоп жатышат", — деди жалгыз бой эне.
Ошондой эле ал мурдагы күйөөсүнүн ага чейин иштеген жерлерин аныктап, жумушсуз жүргөн учурларын кошуп сот аткаруучулардын жардамы менен 89 миң сомдой өндүргөнүн кошумчалады.
Сот аткаруучулар талаптагыдай иштесе маселе жаралбайт
Үй-бүлөлүк маселелер багытында иштеген юрист Кутман Медетбеков алимент өндүрүү боюна мыйзамдар жетиштүү экенин, бардык маселе сот актысын аткарууга келип такаларын белгиледи.
© Фото / Кутман МедетбековҮй-бүлөлүк маселелер багытында иштеген юрист Кутман Медетбеков
Үй-бүлөлүк маселелер багытында иштеген юрист Кутман Медетбеков
© Фото / Кутман Медетбеков
"Сот аткаруучулар милдеттерин так аткарса төлөөчүдө да, алуучу тарапта да маселе жаралбайт эле. Мисалы, эгер февралда алимент төлөбөсө мартта сот аткаруучу аны чакырып, колдонулуучу чараларды эскертиш керек. Өз убагында эле жасап коё турган нерсени жылдап төлөбөй койгондо анан колдонуп атпайбы. Жыйынтыгында төлөй турган адамга да оор келип калууда. Ал эми практикага таянып айта турган болсок, сот аткаруучулар иштин көптүгүнөн жетишпейт. Экинчи жагынан алименттен атайылап качкан аталар бар. Бизге да кээде "алименттен кантип качса болот, суммасын азайтайын дегем" деп кайрылышат. Бул акчасы жоктугунан эмес, мүмкүнчүлүгү бар туруп төлөгүсү келбегендер", — деди юрист.
Алиментчилердин сүрөтүн чыгарган реестр эмнеге иштебей жатат?
Кыргызстанда алимент төлөөдөн баш тартып издөөдө жүргөндөрдүн сүрөтүн жана жеке маалыматтарын жарыялоо мыйзамы 2019-жылы кабыл алынган. Анын алкагында Сот департаментинин сайтында карызкор алиментчилердин реестри түзүлгөн. Бирок ал учурда иштебей жатат.
"Бул карызкорлор реестри көптөгөн мамлекеттик органдар менен биргеликте системалаштырылган болчу. Ошол себептен бүгүнкү күндө модернизациялоо жолунда турат. Андан сырткары, мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоолор кирбедиби. Ошону эске алуу менен токтоп турат. Келечекте сөзсүз иштейт. Реестр жаңы иштеп баштаганда 20га чукул карызкордун сүрөтү жарыяланган. Бирок бул арыздануучунун макулдугу менен гана ишке ашарын белгилей кетүү керек", — деп жооп берди Сот департаментинин маалымат катчысы Назира Сагыналиева.
© Фото / пресс-служба Судебного департамента КРСот департаментинин маалымат катчысы Назира Сагыналиева
Сот департаментинин маалымат катчысы Назира Сагыналиева
© Фото / пресс-служба Судебного департамента КР
Сот аткаруучулар эмнеге аксап жатат?
Сагыналиеванын айтымында, "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери сот аткаруучулардын иши эселеп көбөйгөн. Анын айтымында, учурда мамлекеттин пайдасына өндүрө турган 256 190 иш болсо, анын 216 миңи эле "Коопсуз шаардын" айып пулдары.
"Карызкор бир жерде расмий иштесе алимент өндүрүү жеңил. Кээде алардын иштеген, жада калса жашаган жери белгисиз болуп калат. Мунун баарын мыйзамдагы процедуралар менен аткаруу көп убакытты алат. Экинчиден, жүктөлгөн иш аябай көп. Сот аткаруучулар ЖКККББнын бир бөлүмү болуп калгансыды. "Коопсуз шаардан" төлөнбөгөн айып пулдарды өндүрүүнүн артынан эле жүрүшөт. Айрым учурда келип түшкөн кагаздарды каттаганга убактылары жетпей калат. Айлык акысы аз, бирок жумуш көп. Мунун айынан жумуштан кеткен сот аткаруучулар көбөйдү. Бул нерсенин баары иштин жүрүшүнө таасирин тийгизбей койбойт", — деди маалымат катчы.
Ошол эле учурда Сагыналиева алиментчилер өмүрүнүн аягына чейин карыз болуп кала берерин эскертти. Сот аткаруучулар карызкорлордун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, банктык эсептерин камакка алат, чет өлкөгө чыгышына тыюу салат. Эч бир мүлкү жок болсо да карызы мойнуна илине берет.
Алимент тууралуу мыйзамдарды жазып келген Жогорку Кеңештин экс-депутаты Айсулуу Мамашова карызды өндүрүү жолун жеңилдеткен дагы бир долбоор даярдалып жатканын билдирди.
© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин экс-депутаты Айсулуу Мамашова
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Айсулуу Мамашова
© Фото / пресс-служба ЖК
"Биринчи иштеп чыккан мыйзамыбыз 2020-жылы кабыл алынган. Анда карызкордун сүрөтүн жарыялоо, минималдуу алименттин өлчөмүн жогорулатуу, ден соолугуна байланыштуу чыгымдардын, билим берүүсүнө кеткен каражаттын 50 пайызын төлөшү керек дегенди киргизгенбиз. Мурда алименттен качкандарды түрмөгө отургузчу. Кодекстер өзгөргөндө айып пул менен чектелиптир. Биз биринчи алиментти, анан мамлекетке айып пул төлөй тургандай кылалы деп жатабыз. Болбосо айыпты төлөп коюп кенен-кесир жүрө берет экен. Бул боюнча мыйзам долбоорун бир жыл даярдап ЖКга алып чыкканча мөөнөтүбүз бүтүп калды. Эми аны учурдагы депутаттарга сунуштайбыз", — деди Мамашова.
Алименттин суммасын аныктоо жана өндүрүү жолдору
Алименттин жол-жобосу Үй-бүлө кодексинде жазылган. Анда камтылган негизги учурларды сунуштайбыз:
Эки ажырым жолго түшкөн жубайлар жашы жете элек балдарына алимент төлөө тууралуу макулдашуу түзүүгө укуктуу. Келишим нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.
Ата-эненин бири, мисалы, атасы төлөөдөн баш тартса, эне сотко кайрылат. Мыйзам боюнча бир балага атасынын айлык акысынын төрттөн бир, эки балага үчтөн бир бөлүгүн, үч же андан көп балага тең жарымын чегерүү милдеттендирилет;
Эгер атасы фермердик чарба иштетип накталай акчасы жок болсо, тараптардын макулдашуусу боюнча накта азык-түлүк же мал түрүндө берсе да болот;
Иштеген жумушу же киреше булагынын жоктугу балдарды багуу милдетинен бошотпойт. Жашаган жериндеги орточо эмгек акыга карап алименттин өлчөмү бекитилип, карыз катары мойнуна илинет. Болбосо кыймылдуу же кыймылсыз мүлкүн балдарынын менчигине берүү менен кутулат;
Иштеп тапкан кирешесине карап алименттин суммасын бекитүүгө мүмкүн болбосо (өзгөрмөлүү эмгек акы, башка кирешелери болсо) бирдиктүү сумма же мүлкүнүн бир үлүшүн берүү талабы коюлат;
Жубайлар ажырашканына канча убакыт өтүп кеткенине карабастан, алимент өндүртүп алуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу;
Алимент сотко кайрылган учурдан тартып берилет. Эгер балдарына каралашуудан качып жүргөнү аныкталса, сотко кайрылганга чейинки 3 жылга алимент төлөө талап кылынат. Бул каражатты бир жылдын ичинде берип бүтүшү керек;
Бардык уюмдун администрациясы кызматкерине эмгек акы берүүдө макулдашууда же сот тарабынан бекитилген сумманы алиментке которууга милдеттүү.
Кандай учурда алименттен бошотулат?
Эгер сот тарабынан ата-энелик милдетти аткара албай турган ооруларга (бул тизме өкмөттүн токтому менен аныкталат) чалдыкканы же башка далилдүү себептери аныкталса, алиментти толугу менен же жарым-жартылай төлөөдөн бошотулат.
Карызкор чет өлкөгө туруктуу жашоо үчүн чыгып кетип жатса баланын жашы жеткенге чейинки мезгил үчүн алимент төлөтүү алынат.
Алименттен качуунун жазалары
Алимент төлөөнү кечиктирген ар бир күнү үчүн негизги суммасынан 0,5 пайыз өлчөмүндө үстөк айып кошула берет.
Бала багууга каралашпагандарга Кылмыш-жаза кодекси менен да чара колдонулат. 178-беренеде карызкор алиментчилерди 20 миң сомдон 50 миңге чейин мамлекетке айып пул төлөтүү, кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылары жазылган.