Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ Украинаны согушка жетелеп баратат

© REUTERS / VALENTYN OGIRENKOАКШ желеги Киевдин аянтында. Архив
АКШ желеги Киевдин аянтында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жазылуу
"Кызыктай согуш" ("күлкүлүү согуш", болбосо "фейк согуш") 1939-1940-жылдары Мажинону бойлой француз жана немец аскерлери көрсөткөн чабал аракеттерди сүрөттөөдө колдонулат. Азыр бул аталыш Украинадагы жагдайга туура келбейт. Ал жакта "өтө эле кызыктай согуш" күчүндө.
Негизи батыштагы өнөктөштөр качып чыгууну адатка айлантып алган, баары ушундан башталды. Биринчи болуп Украинадан америкалык аскер инструкторлору чыгып кетти. Алардын артынан британиялыктар жөнөдү. Батыш ЖМКларында мунун баары Дюнкерк окуясынын кичирейтилген варианты катары берилүүдө. (Баса, Британияда англиялык жоокерлердин Гитлерден башын калкалап Дюнкерктен качышын Экинчи дүйнөлүк согуштун урунтуу окуясы деп кабылдашат. Сталинград биякта эле калды.) Кырдаалга сереп салган Виктория Никифорованын макаласын РИА Новости агенттиги жарыялады.
Бир нерсеге акыл жетпейт: батыштык инструкторлор кимден качып жатышат? АКШ менен Улуу Британиянын коргоо министрлери Марк Милли менен Бен Уоллес контингентин кимден сактоодо?
Бул суроого Бен Уоллес жооп берүүгө аракет кылган. Бүлөсү менен эс алууга кеткен министр өргүүсүн курмандыкка чалып Лондонго кайтууга аргасыз болду. Бул чынында британ элитасы үчүн чоң жетишкендик. Былтыркы жылдын августунда ошол кездеги тышкы иштер министри Доминик Рааб НАТОнун Афганистандан чыгышы сыяктуу майда-чүйдө нерседен улам Криттеги эс алуусун үзгүлтүккө учураткан эмес. Британиянын ЖМКлары ушу кезге чейин көргөн жерден көзгө сайып келишет.
Лондонго келери менен Бен Уоллес Sunday Times гезитине кенен маек куруп, эмнегедир "Мюнхен желаргысын" сезип-туюп жатканын саймедиреди. Англиянын тарыхындагы жер караткан ал окуяны эмне себептен мекендештеринин эсине салганы белгисиз. Гитлер менен жең ичинен сүйлөшүп, Чехословакияны сатып жиберүү жакшы иш болгон эмес. Антпеш керек болчу.
Балким Уоллес нацисттик Германиянын ролун бүгүнкү күндө Россия басып, Британия өзүн өтө эле момун көрсөтүп, "агрессорду" тизгиндеп жатат деп жаткандыр. Бирок дүйнө жүзүнүн баары Россия эч кимге тийишпей эле, эч кимди басып албай эле тынч жашап жатканына күбө. Кептин төркүнү ушунда. Кандай кылыш керек?
Анан эле Уоллес британиялык өнөктөштөрдүн жакшы көргөн аргументин бетке кармай калат. Нighly likely — "балким", "мүмкүн", "ыктымал" Бен Уоллестин айтымында, Россия Украинага басып кириши highly likely. Минтип болжолдоп сүйлөгүдөй ал журналист же бир эксперт эмес да, кадырлуу коргоо министри. Мындай адамдар сейрек, бирок так сүйлөйт. Тилекке каршы, такыр башка кепке күбө болдук.
Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш менен бир пикирге келүү мүмкүнчүлүгү дайыма бар
Анын ыргагы менен жекшемби күнү британ жана америка элитасы бир ооздон "Россия Украинага кол салат" деп чуу түштү. АКШнын Мамлекеттик департаменти Киевден элчилигин эвакуациялоого буйрук берип, анын артынан Британия да дипломаттарын чыгарып кетти. Украинада жүргөн жарандарына да өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштап жатышат. Багам аралдары да Украинадагы багамдыктарга кабатыр. Байкуштар, сөөктөн өткөн суукта ошолорго убал болду.
Негизи мындай кадамдар согуштун алдында жасалат. Ана болот, мына болот деп жаткан согушка согуша турган эки тарап тең "келбей койду". Дүйнө тарыхында мындай болбосо керек.
Батыштын маалыматтык ажаандыгына Россиянын мамилеси түшүнүктүү. Ал эми украиналыктар эмне дейт? Айрым "алдыңкы" басылмалар кокус жаңжал башталып кетсе эмнени алып, эмнени калтырыш керек экенинен бери жазып чыгышты. Бирок мунун баары жөнөкөй украиналыктарга эч кандай таасир берген жок.
The Guardian гезитинин кабарчысы менен Киевдин көчөлөрүн аралап көрөлүчү. Шон Уокер жекшемби күнкү репортажында Киевде жашоо бейкапар экенин таң калуу менен белгилеген. Ошол эле репортажда украиналыктар Россия басып кирет деген кеп болбогон сөз экенин айтышкан.
Карапайым калк жай турмушта жашап жаткан маалда өлкө жетекчилигинин тынчы кетүүдө. Кайсы бир учурда президент Зеленскийдин чыдамы чегине жетти көрүнөт, батыш журналисттерине кайрылып, "Россиянын кол саларына 100 пайыздык далил" талап кылды.
Ушу кезге чейин ага эч ким жооп бере элек. Журналисттер да, батыш ЖМКларынын ээлери да, Байден да, Жонсон да үн каткан жок. ЦРУдан да чалбай коюшту. Ошондон бери аныгын биле албай Украина президенти убара: согушуп жатабы же баштала элекпи? Же өзү куралга айланып калдыбы? Элин президент алаксытып жатабы же өзү өнөктөштөрүнүн оюнчугуна айланып калдыбы? Аягы эмне менен бүтөт деги?
Кайсы бир учурда Грузиянын башында Михаил Саакашвили турган эле. Бир маалда эле Россия менен согушмакчы болуп чыккан. Бүгүнкү күндө абакта отурат. Азыркынын падышаларына сабак.
Россия Кремли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинаны куткарабы? Сереп
Зеленскийдин америкалык контрагенттерин да түшүнүүгө болот. Колдору жеткен жок. Дем алышта жонунан тер аккыча демократиялык Украина үчүн күрөшүштү. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн суу алдында жүрүүчү кайыгы ишемби күнү дал ушул максатта Курил аралдары тарабынан Россиянын суусуна кирди. Командири бир аз адашып калды көрүнөт, "Украина" менен "Курил" — тимеле үндөшүп кетет эмеспи.
Россиянын "Маршал Шапошников" фрегаты атайын каражаттарды колдонуп америкалык кайыкты алыс айдап салды. Мындан ары адашып кетпейт деп үмүт артып туралы.
Ал арада америкалык саясат таануучу Дэвид Хендриксон "Вашингтон эмне себептен Украина үчүн мынча дүрбөлөң түшүүдө" деген суроого өз версиясын жарыялады.
Эксперт президент Зеленский айрым учурда вашингтондук сценарийге каршы келген сөздөрдү балп эттирип жатканын белгилеген. Хендриксон CNN макаласы менен Ак үй өкүлүнүн "Биз азыр анын эң маанилүү өнөктөшүбүз, ал кайра бизге түкүрүп жатат" деген сөзүн келтирген.
Саясат таануучунун айтымында, америкалык режим "Түндүк агым-2нин" айынан "акылынан айнып бара жатат". Анын ишине бөгөт коюу үчүн Вашингтон чагымчылдыктын түрүнө барууга даяр. Бул көптөн бери сыр деле болбой калган. Америкалык эксперттен биринчи эбак эле айтылып, жазылып келген.
Кеп башкада. Фейк эвакуация жана маалымат айдыңындагы ажаандык менен мунун баары чектелип калбас. Америкалыктар британиялыктар менен биригип алып аскердик чырды тутантып жатышат. Ал бир заматта дүйнөлүк согуштун отун жандырып жибериши мүмкүн.
Бир нерсе түшүнүксүз: бул бейжайлыкка миңдеген украиналыктын эмне тиешеси бар? Бул өлкөнүн калкы азыр казиного кирип, акчасын улам уттуруп жиберген кишини элестетип турат. Көзүн жумуп басып кеткендин ордуна кайра-кайра алдана бергеничи...
Украиналыктар 2014-жылкы аракети натуура болгонун моюндашы керек. Брюссель менен Вашингтонго ыктабаш керек эле, туура эмес кадам болду. Азырынча казинонун столунан басып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бүтүндөй жашоо, эл курмандыкка чабылып кете электе оолакташ керек.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Батыштын саясатын илгиртпей сезип... Путиндин тактикасы
Жаңылыктар түрмөгү
0