Путин менен кезигүүдөн соң Макрон бир чечимге келүүгө аргасызбы?

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин франциялык президенти Эммануэль Макрон менен
РФ президенти Владимир Путин франциялык президенти Эммануэль Макрон менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жазылуу
Россия менен согушкуңар келеби? Бул соболду РФ президенти Владимир Путин франциялык президентке же француз басма сөзүнө эмес, жалпы Батышка узатты. Эммануэль Макрон Москвага "Россиянын Украинага кол салышы" деген кампания жетер чегине жеткен кезде келбедиби.
Франция президенти, албетте, Киевге орус танкалары кирип барарына башынан ынанган эмес. Бирок түзүлгөн кырдаалдан Франция үчүн да, жеке өзү үчүн пайда табуудан артка кайтпайт деген оюн ортого салат Петр Акопов. Серепчинин ушундай пикирлери камтылган макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Эки айдан соң Францияда президенттик шайлоо өтөт. Москвага жасаган ийгиликтүү сапары, дегеле "Европадагы согушту" токтотууга жан үрөгөнү Макронго дагы бир мөөнөткө шайланышына жардамчы болот. Дал ошол себептен Кремлде Путин менен сүйлөшүүлөрдүн башында, тагыраак, басма сөзгө ачык бөлүгүнүн башында француз тараптын өкүлү "согуш" деген сөздү оозанды.
"Бүгүнкү сүйлөшүү биз багыт ала турган чыйырды салат. Бул — жаңжалды ырбатпай сактап калуу. Жагдайды, аскерий-саясий кырдаалды, украиналык көйгөйдү жана жамааттык коопсуздуктун маанилүү маселелерин биз билебиз.
Россия жана бүтүндөй Европа үчүн практикалык жоопту биргелеше таба алабыз. Бул — согуштан качууга, анан албетте, туруктуулук, ачыктык жана баары үчүн ишенимди жаратууга мүмкүндүк берчү жол".
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Европанын Байденден биротоло көңүлү калдыбы?
Макрон эч кандай согуш коркунучу жок экенин эң сонун түшүнөт. Тегин жерден ал бул сапарынын алдында: "Россия менен тыгыз диалогубуз жана Москвага болгон азыркы сапарыбыз менен "орустардын кол салышын" алдын алабыз. Андан соң жагдайды жайгаруунун шарттарын талкуулайбыз. "Ушул тапта Россиянын геосаясий максаты – Украина эмес, НАТО жана Европа биримдиги менен эрежелерди аныктап алуу".
Москвада Франция президенти андай ачык сүйлөбөгөнү менен басма сөз жыйынында жалпы коопсуздук үчүн макулдашуу, туруктуулукту камсыздоо боюнча жаңы механизмдерди иштеп чыгуу маанилүү экенин көп жолу кайталады. Мындай пикир ал үчүн, дегеле калыс европалык жаран үчүн жаңы деле ой эмес. Макрон европалык коопсуздук тутумун Россиясыз, анан да Россияга каршы куруунун мүмкүн эместиги жөнүндө кайталап келген эмеспи.
Париж Франциянын да эмес, бириккен Европанын макамын бийиктетүүнү самайт. Анда өзү эки башкы ролдун бирин аткарат эмеспи. Бирок ал үчүн Европа биримдигинин стратегиялык өз алдынчалыгы зарыл. Франциялык президент дайым ушул туурасында эскертип жүрөт.
Бирдиктүү Батыш алкагындагы автономия, анткен менен андай автономиясы деле жок, келечеги деле бүдөмүк. Тескерисинче, Батыштын Россия менен мамилесинин курчушу Европанын дымагын өчүрөт: себеби тиреш түздөн-түз англосакстар менен орустардын ортосунда жүрүп жатпайбы? Буга Европанын кандай тиешеси бар? Бирок Москванын мында европалыктарды көзгө илбей жаткан жери жок, болгону алардын субъективдүүлүгүнө ынанбайт. Болбосо коопсуздуктун кепилдиктери боюнча Путиндин сунуштары европалык аң-сезимди ойготууну көздөгөн.
Киев шаарындагы аскердик окуулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
"Тынчтангылачы". Украина кимдин барымтасында калды
Путин басма сөз жыйынында: "Франциянын Россия менен согушуусун каалайсыңарбы? Себеби ошондой эле болот! Украина НАТОнун курамында болсо Крымды согуш жолу менен өзүнө кайтарарын, европалык өлкөлөр Россия менен согуштук жаңжалга автоматтык түрдө тартыларын түшүнүп турасызбы же жокпу? Жеңүүчү деген болбойт. Анан да бул жаңжалга эрксизден аралашасыңар. Рим келишиминин бешинчи пунктун аткарып калганыңызды да түшүнүүгө үлгүрбөй каласыңар", – деген ойду билдирди.
Москва Батыштан Украинадан четтөөнү, аны өз бооруна тартуу пландарынан баш тартууну талап кылууда. Анткени өзүнүн тарыхый аймагындагы бир бөлүктү өзү үчүн дайымкы коркунучка айланышына жол бербейт.
Бирдиктүү Батыш дагы канча жашаарын, англосакстар дагы канча жыл ага өз саясатын жана кызыкчылыгын аныктай турганын эч ким билбейт. Бирок франциялык-германиялык Европа орточо мөөнөттүк келечекте чындап эле стратегиялык автономия, кийин реалдуу өз алдынчалыктын жолуна түшөт. Ал эми Россия менен жаңжалдашууда ага жетүүгө мүмкүн болбойт. Себеби дал ушул жаңжал Эски дүйнөнүн геосаясий мажүрөөлүгүн сактап калуу үчүн пайдаланылып жатпайбы.
Европа өз коопсуздугун камсыздоону каалайбы? Бул үчүн Россиянын коопсуздугуна коркунуч жаратпай коюудан өткөн жеңил жол жок. Путин Европа менен Макрондо Россиянын кызыкчылыктарын сыйлоону талап кылууну эмес, өзүнүн, Европанын келечеги үчүн жоопкерчиликти ойготууну көздөдү. Мунун жүзөгө кандай аша турганын мезгил көрсөтөт.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Москвага сапар алган Макрондун үмүтү акталабы? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0