Нурматов Темирбек Асанович — өмүр баяны

© Sputnik / Асель АкматалиеваНурматов Темирбек Асанович
Нурматов Темирбек Асанович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Темирбек Нурматов 1978-жылы 11-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2000-жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин дипломатия жана эл аралык укук факультетин аяктаган. 2002-жылы ушул эле университетте билимин улантып, магистр даражасына ээ болгон. 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында "юриспруденция" боюнча магистр даражасын аяктаган.
Темирбек Нурматов 2010-жылы юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын коргогон. 2014-жылы ага Кыргызстандын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен "юриспруденция" адистиги боюнча доцент илимий наамы ыйгарылган.
Эмгек жолу:
2001-2004 ― Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институтунун юридикалык дисциплиналар кафедрасында окутуучу;
2003-2008 ― Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окутуучу, директордун орун басары;
2008-2011 ― Жогорку соттун алдындагы судьяларды окутуу борборунда жетектөөчү адис жана бөлүм башчы;
2010-2014 ― Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын "юриспруденция" кафедрасында доцент;
2011, апрель-июль — Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;
2011, июль-август — президенттик аппаратта эксперт;
2012-жылы адвокаттык ишмердүүлүккө лицензия алып, ошол жылдан тартып Кыргызстандын адвокаттар коллегиясынын мүчөсү;
2015-2016 ― Бишкек шаардык кеңешинин укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүндө адис;
2016-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин К. Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасында доцент болуп эмгектенет.
Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0