Министр Базарбаев Сокулукта сабалган баладан кабар алды

© Фото / пресс-служба МТСОМЭмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалган баладан кабар алды
Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалган баладан кабар алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Жазылуу
Базарбаев кордолгон бөбөккө социалдык, психологиялык жана анын үй-бүлөсүнө укуктук жардам көрсөтүү тапшырмасын берген.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалган баладан кабар алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кордолгон бөбөк Бишкектеги №3 балдар ооруканасына которулган. Министр баланын ал-абалын сурап, ага жолуккан соң тиешелүү адистерге анын документтерин тезирээк бүтүрүүнү тапшырган. Ошондой эле балага социалдык, психологиялык жана анын үй-бүлөсүнө укуктук жардам көрсөтүү тапшырмасын берген.
Учурда Сокулук районунун эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыгы тарабынан баланы жана анын үй-бүлөсүн коргоо боюнча өзүнчө план иштелип чыкканы айтылды.
Эске салсак, 3-февраль күнү кечинде Сокулук аймактык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Кыйноо") боюнча Бирдиктүү реестрге катталган. Милиция кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 35 жаштагы тургунун кармаган. Баланын ата-энеси анын малын карап иштечү.
Бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2022
Эки жашар бөбөктүн сабалышы: апасы жумуш берген киши менен жашап алган
Жаңылыктар түрмөгү
0