00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
ОМС и лечение в стационаре: за что платит государство, а за что - пациент?
08:04
44 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Альтернативдик кызмат кимдер үчүн? Жол-жобо, шарт жана баа маселеси
09:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Из чего формируется столичный смог и как с ним бороться
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү белгиленет — максаты кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Детский паспорт по-новому: что изменилось для родителей
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
15:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Санариптешүү доорунда жакындарга кантип сапаттуу көңүл бура алабыз?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Көлөкө»: кыз-жигит мамилесиндеги кооптуу чек кайда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
21:04
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ашыралиев: жемкорлордун чекесине "коррупционер" деп жазып коюш керек

© Sputnik / Асель СыдыковаЛегендарлуу парламенттин депутаты, коомдук жана саясий ишмер Кемел Ашыралиев
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук жана саясий ишмер Кемел Ашыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Жазылуу
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук жана саясий ишмер Кемел Ашыралиев коррупцияга малынган чиновниктердин "кара тизмесин" түзүү тууралуу оюн айтты.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга ишке алууга тыюу салынган "кара тизме" түзүү туура демилге. Коррупционерлердин чекесине белги коюп, аларды коомдон четтетүү зарыл. Мындай пикири менен Кемел Ашыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып бөлүштү.
Ашыралиев: жемкорлордун чекесине "коррупционер" деп жазып коюш керек
Анын айтымында, бул саясий куугунтуктун куралы болуп калбаш керек.
"Союз учурунда ишинен кемчилик табылгандар четтетилип, айрымдары кызматынан төмөндөтүлчү. Учурда коомчулукта "эмнеге жаманатты болгон киши кайра кызматка келип, ал тургай мурдагыдан жогорулап кетүүдө" деген кептер айтылууда. Ошондуктан жемкор экени аныкталгандардын кайра кызматка келүүсүнө бөгөт коюлушу шарт. Бул жагынан алганда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга ишке алууга тыюу салынган "кара тизме" түзүү туура демилге. Бирок кандайдыр бир саясий каралоо менен соттолуп же жаманатты болгондор бар. Соңку убакта бийликке сын айткандар "душман" өңдөнүп, анын "оозун басуу" аракеттери көрүлүүдө. Бул бардык президенттердин убагында, Акаевден тарта азыркы күнгө чейин уланып жатат. Андыктан бул демилгени экиге бөлүп кароо керек. Ал эми кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзам бузуп, коррупцияга малынып, элдин мүлкүнө кол салгандарды "кара тизмеге" киргизип, сот жообуна тартуу керек. Айрымдар кызматка жетсе эле ал орун атасынан калгандай мамиле жасайт. Чынында кызмат деген жоопкерчилик, элдин ишеними да. Мына ошол элдин үмүтүн актабай коррупцияга малынып, ошол эле пенсионер, мугалимдин, жалпы элдин мүлкүнө кол салышууда. Алардын керек болсо чекесине "коррупционер" деп жазып, жанына отуруп тамак да ичпеш керек. Коррупционер экенин моюнга алып, мамлекетке акча төккөндөр түбөлүк кызматка келе албагандай болушу шарт. Ал тургай алардын тууган-туушканы, бала-чакасы да кызматка алынбашы керек. Ошондо коррупциялык иштерге барчулар "кой, жакындарыма залакасы тийип, алардын убалына калбайын" деген кооптонуу менен иштейт", — деди Ашыралиев.
Ал соттор адилеттүү болбосо, бул демилге ишке ашпай каларын кошумчалады.
Эске сала кетсек, министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга ишке алууга тыюу салынган "кара тизме" түзүүнү пландап жатат. Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0