00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
3 мин
Таберик
СССРдин Эл артисти Дарыйка Жалгасынова эскерүүлөр
17:07
23 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

УКМК соттун чечимисиз тыңшап, жашыруун камера коюу мыйзам долбоорун сунуштады

© Sputnik / Актан ТемиркановУКМКнын имараты. Архив
УКМКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Айрым депутаттар бул норма Конституцияда каралган адамдардын жеке жашоосунун кол тийбестигине каршы келерин айтышты.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. УКМК жарандарды соттун чечимисиз тыңшап, жеке менчик жайларына жашыруун камера коюуну сунуштады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.
Жыйында депутат Айбек Осмонов сунушталган мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүндө "телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, менчик жерге камера коюу укуктук кызмат адамынын жүйөлүү токтомунун негизинде гана аткарылат" деп жазылганын белгиледи.

"Конституциянын 29-беренесинин 3-бөлүгүндө бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот чечиминин негизинде гана жол берилери жазылган. Демек, бири-бирине каршы келип жатат. Ушуну өзгөртүп коюңуздар", — деди Осмонов.

Эл өкүлү Адахан Мадумаров да бул сунуш Баш мыйзамга каршы келерин айтып, четке кагууга чакырды.
"Конституциянын 29-беренесинин 1-2-бөлүктөрүндө ар бир адамдын жеке жашоосунун кол тийбестигин айтып жатат. Бизде эгер мыйзамдар каршы келип калса, Баш мыйзам түз иштейт деген норма бар. Иштебеген мыйзам долбоорун эмне көтөрүп келесиңер же түшүнүк менен жашайбызбы. Сиздердин долбоордо "биз жашыруун түрдө сүрөткө тартып да, жазып да алабыз, керек болсо башка нерсеге да бара алабыз" деп турат. Андай болбойт. Адамдардын ар-намысы, кат алышуусу, сүйлөшүүсү корголушу керек", — деди Мадумаров.
Ошондой эле ал эгер бул демилге өтө турган болсо, айланып келип депутаттардын өзүнө каршы иштеши мүмкүндүгүн айтты.
УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков учурда эксперттер иштеп жатканын айтып, экинчи окууга чейин өзгөртүүлөр киргизилерин билдирди.
Натыйжада комитет сунуш, пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорун биринчи окууда негиз катары кабыл алууга макул болду.
Аталган мыйзам долбоору ачык булактарга жарыялана элек.
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Башкы прокуратура 3 депутаттын телефонун тыңшоого уруксат берген себебин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0