Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирчү суусундуктар аталды

© Фото / Pixabay/ bridgeswardАлкоголсуз ичимдик ичип жаткан адамдар. Архив
Алкоголсуз ичимдик ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Суу оору маалында жана андан айыккандан кийин организм үчүн эң керектүү нерсе. Батыраак күч топтоо үчүн пайдалуу ширелерди үйдөн жасап ичүүгө болот.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. COVID-19 инфекциясы менен ооруп айыккандан кийин кайсы суусундуктар ден соолукка пайдалуу экенин жана, тескерисинче, кайсылары зыянын тийгизерин Sputnik радиосуна дарыгер-диетолог Анжелика Дюваль айтып берди.
Адис коронавирус менен ооруп жатканда дагы, андан кийин дагы суу ден соолукту калыпка келтирүүчү негизги суусундук бойдон каларын белгиледи. Бирок батыраак күч топтоо үчүн чычырканак жана клюквадан даярдалган ширени ичсе болот.
"Эки литр сууну кайнатып, бир аз муздаганда 200 грамм мөмөнү салабыз. Шире таттуураак болушу үчүн кулпунай кошууну сунуштайм. Мисалы, кулпунай менен чычырканакты, кайра клюква менен кулпунайды кошуп өзүнчө ичиңиздер. Кайнатылган суусундукту блендер менен суюлтса болот", — деген Дюваль.
Ширени кайнатканга болбойт, анткени дарылоого жардам берген витаминдери касиетин жоготуп коёт.
Диетолог көк чай кошулган суусундуктар дагы организмди калыпка келтирүүчү күчкө ээ экенин кошумчалады.
"Аны даярдоо оңой эле. Бир жарым литр сууга эки чоң кашык көк чай салып, үстүнө эки кесим апельсин, эки кашык клюква (тоңдурулганы жарабайт) кошобуз. Таттуу кылгыңыз келсе алманы аарчып салса болот. Суусундукту 40-50 мүнөт коё туруп, анан иче бериңиз", — деген дарыгер.
Адис коронавирус болуп жатканда ичпей турчу суусундуктарды да атады.
"Кызыл чай менен кофеден баш тартыңыз. Ошондой эле газдалган суусундуктар жана пакеттелген ширелерди ичпеңиз. Ширени үйдөн жасаса болот", — деген Дюваль.
Дарыгер-диетолог коронавирус инфекциясынын кийин организм бир топто калыпка келерин белгиледи.
Кулинарный мастер-класс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Дарыгер "омикрондон" сакайып кетүү процессин кечеңдеткен тамактарды атады
Жаңылыктар түрмөгү
0