Бишкек мэриясы Травматология борбору боюнча билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору. Архив
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Мэриянын маалыматына караганда, Травматология борбору 2004-жылы түзүлүп, Жумабеков директор болуп дайындалган. Бирок 2017-жылы кайра жаңы келишим түзүлгөн.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Саламаттык сактоо министрлигине карайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Муниципалитет борбордун айланасындагы ызы-чуудан улам түшүндүрмө берди.
"Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Саламаттык сактоо министрлигинин, мэриянын жана Бишкек шаардык кеңешинин ортосундагы келишимдин негизинде 2004-жылдын 17-мартында шаардык клиникалык оорукананын тез жардам кызматынын базасында түзүлгөн. Сабырбек Жумабеков директор болуп дайындалган", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия билдиргендей, кийин, 2017-жылы, Саламаттык сактоо министрлиги менен мэриянын ортосунда саламаттык сактоо тармагы боюнча кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюлган.
Документке ылайык, шаардагы бир катар саламаттык сактоо объектилери, анын ичинде Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Саламаттык сактоо министрлигине карап калган.
"Документ боюнча Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдары Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүнө өткөнү менен келишим толугу менен ишке ашкан эмес. Бүгүнкү күндө муниципалитет 2017-жылы кабыл алынган келишимди ишке ашыруу боюнча иштерди аткарып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү пландалып жатканы кабарланган. Анын алкагында саламаттык сактоо министри Бейшеналиев борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен алып, ордуна директордун милдетин аткаруучу кылып Гулия Кожакматованы дайындаган.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Орун басарларым таластыктар! Министр Бейшеналиев Талас элинен кечирим сурады
Жаңылыктар түрмөгү
0