00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Завещание не запрещает продать имущество — юрист о главных заблуждениях о наследстве
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:08
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Саламаттыкты сактоо министрлигине барган митингчилердин талаптары. Тизме

© Алимджан ВалиевБишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун митингге чыккан кызматкерлери
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун митингге чыккан кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Жазылуу
Койгон талаптардын арасында Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Травматология жана ортопедия улуттук борборуна өзгөртүлсүн деген пунктуну көрүүгө болот.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун митингге чыккан кызматкерлери жана алардын тарапташтары резолюция кабыл алып, аны президент Садыр Жапаровго жөнөтүшөт. Бул тууралуу борбордун маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 5-февралда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлери жана алардын тарапташтары митингге чыкты. Алар Бейшеналиевдин кызматтан кетишин, аны трайбалисттик билдирүүлөрдөн алыс болуп, медициналык мекемени жайына коюуну талап кылышкан. Бирок Бейшеналиев кызматтан кетпей турганын, реформаны улантарын айткан.
Резолюцияда жазылган талаптар:
Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык тез жардам клиникалык ооруканага өзгөртүлбөсүн;
Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков өз ордунда калтырылсын;
Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Травматология жана ортопедия улуттук борборуна өзгөртүлсүн;
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ээлеген кызматынан алынсын.
Бул резолюция президент Садыр Жапаровго жөнөтүлөрү кошумчаланган.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Жетекчиси Сабырбек Жумабеков да иштен алынганын айткан. Жаңы ооруканага директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.
Маалымат жыйындан кийин министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жаңы жетекчи менен тааныштыруу үчүн ооруканага барган. Бирок кызматкерлери эшикти тосуп алышкан. Сабырбек Жумабеков министр өзү билемдик кылып жатканын айтып, ал президент Садыр Жапаров бул жагдайды териштирбесе жаңы жетекчини киргизбей турганын билдирген.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
"Отставкага кеткидей эмне кылыптырмын?!" Бейшеналиев митинг боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0