Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарга кар көчкү түшөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек-Ош жолунда кар көчкү. Архив
Бишкек-Ош жолунда кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. 28-январдан 30-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка караганда, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында жана Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарына кар көчкү түшүп жана кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кишилер кар топу ойноп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0