Кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүКишилер кар топу ойноп жатышат. Архив
Кишилер кар топу ойноп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Жазылуу
Болжолдуу маалымат боюнча, жума аягында көпчүлүк жерге кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, апта аягында айрым аймактарга кар жааса, кээ бир жерлерде жаан-чачын болбойт. Бишкекте жекшемби күнү кар жаайт.

Чүй облусу

Аталган аймакта 29-январь түнү кээ бир аймактарда кар жаайт. Эртеси, 30-январда, күндүз дээрлик бардык аймагына кар жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы -3…+2 градусту көрсөтөт.

Талас облусу

Талас облусунда да 29-январь түнү кар жаашы ыктымал. Ал эми жекшембиде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 0...-2 градус суук болот.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Түштүк жергесинде 29-январда тоолуу аймактарга кар түшөрү божомолдонууда. Өрөөндөргө жаабайт. Ал эми жекшемби, 30-январда, жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок жолдор тайгак, тоңголок болуп, абанын температурасы 2...4 градусту көрсөтөт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Апта аягында Ысык-Көлдө кар жаай турганы айтылды. Абанын температурасы 1 градуска чейин муздашы ыктымал. Ишембиде Нарындын дээрлик бардык аймагына кар жаай турганы айтылууда. Ал эми 30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -3…-5 градус суук болмокчу.
Тамагына дары сээп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Тамак ооруда эмне кылуу керек. Кыргызстандык ЛОР дарыгердин кеңештери
Автоунаанын дөңгөлөгүн алмаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Адис тоңдо тайбаш үчүн автоунаанын дөңгөлөгү кандай болушу керектигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0