Коронавирустан беш бейтап каза болду. 64 кишинин абалы өтө оор

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүДокумент толтуруп жаткан дарыгер. Архив
Документ толтуруп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Республика боюнча 1 104 бейтап стационарда, ал эми 6 180 киши амбулатордук шартта дарыланууда.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 356 адамдан коронавирус аныкталып, 604 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 216;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 88;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 14;
Жалал-Абад облусу – 14;
Баткен облусу – 12.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 197 437ге жетти. Анын ичинен 185 771 адам дартты жеңген. Республика боюнча 1 104 бейтап стационарда, ал эми 6 180 киши амбулатордук шартта дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 430 бейтап оор абалда болсо, 64 адамдын абалы өтө оор деп бааланды. Тилекке каршы, оору беш адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен үчөө Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө каза болду.
Медицина илимдеринин доктору, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Радио
Сооронбаев: эми постковиддик синдром, реабилитацияга басым жасалат
Жаңылыктар түрмөгү
0