Доллар ордуна юань, суук селки мамиле... Медведев ЖМКларга кеңири маек курду

© Sputnik / Юлия Зырянова / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Жазылуу
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев россиялык ЖМКларга берген маегинде талкууланып жаткан тышкы саясат, Батыш, АКШ менен мамилеге, НАТО, экономика темасына, SWIFT системасынын иштешине токтолду.
Биз РИА Россия чагылдырган маалыматтарды атайын топтоп, окурмандарга сунуштайбыз.
Медведевге чү дегенде эле эл аралык темалардын күн деминдеги биринчи орунда турган коопсуздук кепилдиги боюнча Россиянын сунушуна АКШнын берген жообу тууралуу собол берилген.
Медведев коопсуздук кепилдиги боюнча сунушка АКШнын баш тартуусу жалпы кырдаалды татаалдаштырарын, бирок мындай сценарийде Москванын кадамдары ачык айтылбастыгын билдирди.
"Албетте, андай учур жалпы кырдаалды татаалдантат. Биринчиден, мындай пландар эч качан ачыкталбайт. Экинчиден, чечимдерди президент кабыл алат, себеби ал башкы командачы", — деди Медведев АКШ баш тартса Россиянын кийинки кадамы кандай болот деген суроого жооп берип жатып.
Ал Украинанын НАТОго мүчө болбостугу, бирок альянстын куралдарын ага мүчө болгон мамлекеттердин бири менен Украинанын эки тараптуу келишими бар деген нерсеге жамынып алып жайгаштырары боюнча да пикирин билдирди.
"Бул абдан маанилүү болсо да маселе НАТОнун илгерилебестиги боюнча кепилдикте эмес деп коелу. Кеп коопсуздук кепилдигин бергени боюнча жүрүүдө. Менин көз карашымда, кеп коопсуздук кепилдигин башка тартип менен бергенинде болуп жатпайбы. Негизи эле Украинаны НАТОго чакырбай койсо деле болот. Андан сырткары, дагы башка нерсе - бизге дайыма маал-маалы менен НАТОго жакынкы мезгилдери Украина кирбестигин, ал тургай таптакыр эле кошулбай тургандыгын "шыбырап" келишет", — деген ал.
Украиналыктар акырында бийликтеги башаламандыктан чарчап, элге Россия менен толук, өз ара мамилени түзө билген саясат жүргүзгөн, салмактап иш алып барган жетекчиликти шайлап алууга туура келерин айткан.
© Sputnik / Юлия Зырянова / Медиабанкка өтүүЗаместитель председателя Совбеза РФ Д. Медведев дал интервью российским СМИ
Заместитель председателя Совбеза РФ Д. Медведев дал интервью российским СМИ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Медведев көптөргө уйку бербей келе жаткан дагы бир маселе боюнча так жооп берди. Россия өзүнүн аскер базаларын Куба менен Венесуэланын аймагына жайгаштырбастыгын, бул аталган мамлекеттердин кызыкчылыгына каршы келерин билдирген.
"Куба, Венесуэла — бизге жакын өлкөлөр, өнөктөштөрүбүз. Алар өздөрүнүн көз карандысыз, тышкы саясатын жүргүзүп келет. Биз аларга эч нерсе жайгаштыра албайбыз, анткени алар өздөрүнүн геосаясий позициясынан, улуттук кызыкчылыгынан туруп иш алып барышы керек", — деп айткан.
Россиянын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Медведев Украинанын айынан Россия менен НАТОнун кагышып кетиши кырсыктуу нерсе экендигин, бирок андай болбойт деп үмүт кыларын билдирген.
"Бул драмалуу эмес, кырсыктуу, сааттуу сценарий. Эч качан болбойт деп ишенем", — деген пикири менен бөлүшкөн.
Азыр көптөр түйшөлүп, бир катарлары кулагын түрүп тыңшап жаткан эки державанын ортосундагы бул мамиледе экономикалык да маселелер бар.
Медведев Россия банктар аралык SWIFT системасынан өчүрүлбөйт деген ишенимин билдирди. Бул эч кимге пайдалуу эмес, ошондой болуп кеткен күндө да, ал системага аброй алып келбейт.
"Бул боюнча өзүбүздүн даярдыгыбыз бар. Эгерде андай нерсе болуп кетсе, финансыны бере турган өзүбүздүн маалыматтарыбыз иштейт. Муну Борбордук банк даярдап койгон. Система тесттен өтүп, текшерилип, иштеп турат. Бир мүнөт да туруп калбай, өлкө ичинде бардык зарыл болгон функциялар аткарылат", — деп түшүндүрдү Медведев.
Анын маалыматына таянсак, Россияда SWIFT болбой калган күндө да "эл аралык системанын карталары өлкөнүн аймагында эркин иштеп, которууларды аткара бермекчи".
Эгерде Россияда евро менен доллардын операциясына тыюу салынса, кытай экономикасы көбүрөөк колдоого алынат да, АКШ менен Европа биримдигинин экономикасы ылдый түшө баштайт.
© Sputnik / Юлия Зырянова / Медиабанкка өтүүЗаместитель председателя Совбеза РФ Д. Медведев дал интервью российским СМИ
Заместитель председателя Совбеза РФ Д. Медведев дал интервью российским СМИ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
"Анын үстүнө Кытайдын экономикасынын көлөмүн жана юань резервдеги келечектүү валюта экендигин баары сопсонун түшүнүп турушат. Мындан кимге пайда болорун талдай келгенде көп суроо жаралат", — деген ал.
Медведев рублдин конвертация болушу кооптуулук жаратпастыгын айткан.
Россия доллар менен евросуз жана рубли конвертацияланбай жашап кете алабы деген суроого "Россиянын мунайы менен газы баары бир сатылат, демек, рублдин конвертацияланышы турган иш", — деген жообун берген.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары мындай кыйчалыш кырдаалда мурдатан эле океандын ары жагындагыларды түйшөлдүрүп, суук селки мамилени жаратып келген "Түндүк агым - 2" долбоорунун ишке киришине да токтолгон.
Медведев "Түндүк агым - 2" долбоорун Германия жана башка өлкөлөрдүн жарандарынын кызыкчылыгы үчүн газды азыркы баасында, эртерээк иштетүү керектигин белгилеген.
"Түндүк агым - 2" — кубаттуулугу 55 миллиард куб метр болгон, Россиядан Европага көгүлтүр от жеткирген экспорттук газ кууру. Долбоорду жападан жалгыз акционер "Газпром" ишканасы менен Nord Stream 2 AG ишке ашырып келет. Аталган газ түтүгүнө Россияга Украинанын айынан тагылып жаткан аскердик абалды курчутту деген жалаа жарлыгынан улам санкция салуу боюнча да кептер жүрүүдө.
Москвадагы Кремльдин мунаралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Россия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдиги боюнча жооп алды
Жаңылыктар түрмөгү
0