Ошто тартылган аламан улактын сүрөтү эл аралык сынакта жеңүүчү деп табылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековАламан улак боюнча мелдеш. Архив
Аламан улак боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жазылуу
Travel Photographer of the Year — туристтик сүрөттөрдүн эл аралык сынагы. Конкурска жыл сайын жүздөн ашык мамлекеттен он миңдеген эмгек келип түшөт.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бельгиялык фотографтын Ош облусунан тарткан сүрөтү Travel Photographer of the Year-2021 аттуу эл аралык туристтик сынагынын жеңүүчүсү болду.
© Фото / © Alain SchroederСүрөттүн автору бельгиялык Алан Шредер
Победитель международного конкурса Travel Photographer of the Year-2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Сүрөттүн автору бельгиялык Алан Шредер
Сүрөттүн автору бельгиялык Алан Шредер. Анын айтымында, аламан улакты Өзгөн шаарынын тургуну уулуна элден бата алуу үчүн уюштурган. Кадрдан кыргыздын улуттук баш кийимдерин кийген атчандарды көрүүгө болот. Аламан улак — бул көк бөрүнүн аналогу. Мында ар бир улакчы өзү үчүн ойнойт.
Калыстар тобу сүрөткө жана композициянын өзгөчөлүгүнө жогорку баасын берген.
"Таймашка түшкөн эркектердин бийиктен тартылганы окуяны ачып берген. Жерден тартылганда мындай жыйынтык болмок эмес. Сүрөттүн кайсы тарабын караба, бардык жагында бир нерсе болуп жатканын көрүүгө болот", — деген калыстардын бири.
Travel Photographer of the Year — туристтик сүрөттөрдүн эл аралык сынагы. Конкурска жыл сайын жүздөн ашык мамлекеттен он миңдеген эмгек келип түшөт. Кечээ күнү калыстар тобу 2021-жылдын жеңүүчүсүн аныктады. Адатта сынак Лондондогу ири сүрөт көргөзмө менен аяктайт.
Снимок The King’s Feast фотографа Panos Laskarakis, ставший финалистом в категории Animal Portraits конкурса Nature inFocus Photography Contest 2021  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Чеберчиликтин туу чокусу! Табияттын таң калтырган 12 керемети
Туризм боюнча серепчи Күлчоро Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Радио
Кадыралиев: ички туризми өнүккөн аймактын сырткы туризми да жакшырат
Жаңылыктар түрмөгү
0