Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
Жазылуу
26-январга караган түнү Чүй өрөөнүндө, Жалал-Абад облусунун тоолуу облустарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү эртең менен Чүй, Ысык-Көл өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жана күндүз Нарын жергесинин кээ бир аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас менен Ысык-Көл жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Нарын аймагында -4...-9 градус болот.
Түнкүсүн жана эртең менен Бишкекте кар жааса, Ош шаарында жаан-чачын болбойт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +4... +6 жана Ошто +5...+7 градус болору айтылды.
Завотделом метеопрогнозов Кыргызгидромета Асылбубу Маткеримова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Радио
Метеоролог Кыргызстанда жазга чейин аба ырайы кандай болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0