00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Бишкек Пекинге документ жөнөттү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТемир жолдун курулушу. Архив
Темир жолдун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Жазылуу
Кытай тарап Кыргызстан жөнөткөн документтерди карап чыгат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча маселе жакынкы февралда чечилип калышы мүмкүн.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча Кытайга документтерди жөнөттү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов "Биринчи радионун" эфиринде айтты.
"Кытай тарапка бардык документтерди жөнөттүк, алар карап, таанышып жатышат. Февралда биздин башкы директор ("Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси — ред.) Кытайга барат. Темир жол боюнча ал жерден бирдиктүү чечим кабыл алынат деп ойлойбуз. Андан кийин гана коомчулукка толук маалымат беребиз", — деди Усубакунов.
Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору туурасында алгач 1990-жылдардын ортосунда кеп болгон. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган. Кытай активдүү түрдө курулушка киришип, темир жана кара жолдордун инфраструктурасын жаңылап баштаган. Темир жол боюнча комиссия түзүү тууралуу биринчи документтерге кол коюлган, ага Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкүлдөрү кирген. 2003-жылы долбоордун алгачкы техникалык экономикалык негиздемеси сунушталган. Өзгөчөлүгү — Кыргызстан аркылуу Торугарт ашуусуна чыгып кете турчу маршрут.
Кыргызстан жетекчилиги долбоордун эртерээк ишке ашышына кызыкдарлыгын бир нече ирет көрсөтүп келет. Жакында эле президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын эле транзиттик мүмкүнчүлүгүн арттырбастан, Борбордук Азия аймагын дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар экенин белгилеген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуштун алдында Кытайга барып келиш керектигине токтолгон. Бүгүн Садыр Жапаровдун Пекинге бара тургандыгы маалым болду.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
30 жылдык дипломатиялык алака. Садыр Жапаров президенттердин жыйынына катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0