Теолог: кыргыз арабды, түрктү же пакистандыкты туурап бейишке кире албайт
© Sputnik / Табылды КадырбековТеолог Элмурат Кочкор уулу. Архив
Жазылуу
Теолог Элмурат Кочкор уулу диндеги улуттук баалуулуктардын ордун чечмелеп берди.
Диндер эч качан улуттук баалуулуктарга каршы болгон эмес. Тескерисинче, экөө эриш-аркак айкалышып адамдардын жашоосун жеңилдетет. Бул тууралуу Элмурат Кочкор уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Теолог: кыргыз арабды, түрктү же пакистандыкты туурап бейишке кире албайт
Анын айтымында, ислам дининде Жаңы жыл же Нооруз майрамдарын белгилөөгө тыюу салынган эмес.
"Ислам дини тигил же бул, айталы, Нооруз же Жаңы жылды тоспогула деп так кесе тыюу салган эмес. Башкача айтканда, динде улуттук баалуулуктарга чектөө жок. Ноорузду мисал кыла турган болсок, кудайды бирөө деп тааныбай, ар нерседен кудай жасап алып сыйынгандардын майрамы деп Мухаммед пайгамбар Мадина шаарына жаңы көчүп барганда тыюу салган деп айтып жүрүшөт. Биринчиден, бул жоромолго таянган бүтүм. Экинчиден, Мухаммед пайгамбар так ушул Нооруз майрамы тууралуу айтканы белгисиз. Кыргыздар байыртадан тоону мекендеген калк. Ал эми Нооруз кыргыз үчүн табият менен таттуу мамиледе болуу, жаңырган көктөмдү ызаат менен тосуп алуу, белгилөө гана күнү. Эч убакта кыргыз Ноорузду кудайга теңеп же андагы кайсыдыр бир жөрөлгөлөр кудайдын жалгыз экенине шек келтирген эмес. Ноорузду майрамдап жатып деле кыргыздар кудайды бирөө деп тааныйт. Ал эми арабдарда башка климат, ошондуктан бул майрам белгиленбейт. Экинчи жагдай, тарыхты карап көрсөк илгертен эле араб жана перс маданияттарынын кагылышуусун, атаандаштыктарын байкасак болот. Жаңы жыл деле ушундай. Адамга, коомго зыян алып келбей, дасторкон жайып жакшы маанайда календарлык күндү белгилеп коюуга дин тыюу салбайт. Ал эми ичимдик ичип же башка терс көрүнүштөрдү жасоону диндер эле эмес, светтик коом деле жактырбайт да. Андыктан жөнөкөй тил менен айтканда, кыргыздар ар улуттун маданиятын туурабай, аны ислам дини менен чаташтырбай өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн сактаган мусулман болгон күндө гана бейишке кирет", — деди Кочкор уулу.
Теолог адамдар дин боюнча түрдүү жоромолдорго ишенип, коркпой салттуу ислам боюнча маалыматтарга ээ болуп жана эркин ой жүгүртүүсү менен чечим кабыл алышы керектигин кошумчалады.