Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
22-январга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз Ош, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Таласта +1...+6, Ысык-Көл жергесинде -1...+4, Нарын аймагында -4...+1 градус болот.
Бул күнү термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +5... +7 жана Ошто +4...+6 градус болору болжолдонду.
Завотделом метеопрогнозов Кыргызгидромета Асылбубу Маткеримова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Радио
Метеоролог Кыргызстанда жазга чейин аба ырайы кандай болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0