Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ияжанова: Брайль шрифти азиз баланы сабаттуу болууга үйрөтөт

© Sputnik / Асель СыдыковаАзиз жана начар көргөн балдардын атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин тифло-мугалими Нуржан Ияжанова
Азиз жана начар көргөн балдардын атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин тифло-мугалими Нуржан Ияжанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жазылуу
Азиз жана начар көргөн балдардын атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин тифло-мугалими Нуржан Ияжанова өлкөдө тифло-педагог даярдаган окуу жай жоктугун айтты.
Брайль шрифти оңдон солго жазылса, ал эми окуганда солдон оңго окулат. Андыктан балдар жазып үйрөнүүдө, өзүнүн катасын кайра текшерүүдө абдан кыйналышат. Бирок үйрөнүп алгандан кийин окуу техникасы, темпи кадимки балдардыкындай эле болуп калат. Бул тууралуу Нуржан Ияжанова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Ияжанова: Брайль шрифти азиз баланы сабаттуу болууга үйрөтөт
Анын айтымында, көзү азиз балдар жыл сайын ар кандай конкурстарга, Диана Гурцкая уюштурган "Белая трость" эл аралык кайрымдуулук ыр фестивалына катышып турушат.
"Биздин мектепте учурда көрүүсү начар жана азиз 235 бала билим алууда. Анын ичинен 107си Брайль ариби менен окуп жатат. Мектептин эң башкы максаты жалпы билим берүүчү окуу жайлары сыяктуу эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды билимге сугаруу, тарбиялоо болуп саналат. Ошону менен бирге балдарды бөлмө же көчөдө ориентир алууга, өзүн алып жүрүүгө үйрөтүп, турмушка даярдайбыз. Брайль шрифтин колдонуу менен көрүүсү начар балдар жазылган сөздү окуп, тамга тааный алышат. Тыныш белгилер, орфография, абзац жана ар кандай грамматикалык нормалар үйрөтүлөт. Бул жазуу балдарды сабаттуу болууга үйрөтөт. Балдар кыргыз жана орус тилинде билим алышууда. Өлкөдө тифло-педагог даярдаган окуу жай жок. Андыктан көзү азиздер мектеп-интернатка иштегени келген мугалимдер жана тарбиячылар Брайль шрифтин үйрөнүп, алфавитти билүү деңгээли боюнча ар үч жылда бир экзамен тапшырып турушат. Мугалимдер мектеп директору уюштурган окутуулардан өтүп билимин жогорулатып турат", — деди Ияжанова.
Ал жакында эле "Феномен" коомдук фонду менен чогуу Брайль шрифтиндеги адабий китептерди иштеп чыгышканын, бирок азыркы учурда мектеп программасына ылайыктуу китептер жоктугун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0