Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Теолог: коомдо гуманитардык илим өнүкмөйүн диний сабаттуулук өспөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековТеолог Элмурат Кочкор уулу. Архив
Теолог Элмурат Кочкор уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жазылуу
Теолог Элмурат Кочкор уулу динди тутунуп жашаган үй-бүлөлөр менен мектеп администрацияларынын ортосундагы окуучулардын формасы тууралуу талаш боюнча пикирин билдирди.
Мектеп формасы боюнча талашта балдар эле жабыр тартып калууда. Мындан мектеп да, ата-эне да утушка ээ болгон жок. Айрым саясатчылар керек учурда өз пайдасына колдонуп кеткенден башка жыйынтыгын көрө элекпиз. Мындай пикирин Элмурат Кочкор уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.
Теолог: коомдо гуманитардык илим өнүкмөйүн диний сабаттуулук өспөйт
Анын айтымында, адамдын сырткы кийими мамлекеттик деңгээлде талкуулана турган негизги маселе болбошу керек.
"Укуктук жана этикалык норма бардык коомдо сакталышы шарт. Кызык да. Форма бул сырткы келбет. Кааласа эки кабат кийинсин же эки жолу оронуп алсын, болбосо жарым метр сакал өстүрсүн. Бизге мунун кызыгы жок. Бул биз үчүн сырткы белгилер, формалдуулук гана болушу керек. Маанилүү болгон жери — маңызы, башкача айтканда, ошол адамдын ички дүйнөсү. Андыктан мектептеги форма талашынан улам балдарын мектепке бербей коюп же башка аракеттер жасалганда балдарга ичим ачышат. Себеби бала аң-сезимдүү түрдө өзү чечим кабыл алганга жетише элек кезинде анын мээсине биз башка нерселерди куюп калыптандырып койсок, азабын өмүр бою тартат. Мындай көрүнүштөрдөн исламдын баалуулуктарын терең түшүнбөгөн, билбеген саясатчылар өз кызыкчылыгына колдонуп, упай чогулткусу келген да учурлар бар. Тактап айтканда, мектеп же ата-эне бул талаштан пайда таап кеткен жок. Белгилүү бир адамдар өз кызыкчылыгына колдонуу менен эле чектелип калып жатабыз. Тилекке каршы, коомдо гуманитардык предметтер өнүкмөйүн мындай көрүнүштөр улана берет", — деди Кочкор уулу.
Теолог орто билим берүү мектептеринде логика, философия сабактары окутулуп, балдар адабиятка терең маани берип, эркин ой жүгүртүүгө үйрөтүлүшү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0