Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте кар жааган учурда аял бала менен. Архив
Бишкекте кар жааган учурда аял бала менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
19-январда өлкө аймагында күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңуп, тайгак болуп, кар күрткү түшүшү ыктымал.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Шаршемби, 19-январда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1...+6, Талас жергесинде -2...+3 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында -2...-7 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +3...+5 жана Ош калаасында +4...+6 градуска жетет.
Кар жаап атканда жолдо бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2022
Кайсы аймактарга кар жаайт? Алдыдагы аптага аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0