Кайсы аймактарга кар жаайт? Алдыдагы аптага аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар жаап атканда жолдо бараткан кыз. Архивдик сүрөт
Кар жаап атканда жолдо бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2022
Жазылуу
Синоптиктер берген маалымат боюнча, 16-январда күн ачык болгону менен апта бою күн алыстан жаан, кар жаашы күтүлүүдө.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

16-январда тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-18-19-январь күндөрү түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Ал эми 20-21-январда жаан жаабайт. 22-январда кайрадан көпчүлүк аймактарга кар түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

16-январда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 20-21-январда кар жаабайт. 22-январда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 17 жана 19-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусу

15-18-январда жаан-чачын болбойт. 19-20 жана 22-январь күндөрү күндүз кээ бир райондордо кар жаайт.

Нарын облусу

16-январь жаан-чачынсыз болуп, 17-19-январда кээ бир райондордо кар жаайт. 20-21-январда күндүз жаан жаабайт. 22-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Бороондо бараткан адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Суук түшүп, кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0