Жаңы келген депутаттар министрлер кабинетинин жазга даярдыгын сурайт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
Жыйында бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан маселелер каралат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин шаршемби күнкү жалпы жыйынына министрлер кабинети келип маалымат берет. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, өкмөт башчысы жана мүчөлөрү өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, жазгы талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө депутаттарга маалымат бермекчи.
Жыйын саат 10:00дө башталат.
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Өкмөт: Кыргызстанда 2022-жылы айлык, пенсия жана жөлөк пул көбөйөт
Жаңылыктар түрмөгү
0