Евразия кубогун жеңген КР хоккейчилери: мыкты ойнодук, бирок "ойгонуу" оор болду

© Фото / Федерация Хоккея Кыргызской РеспубликиКыргызстандын хоккей U-20 курама командасы
Кыргызстандын хоккей U-20 курама командасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду. Чемпионат Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Түркия, Болгария, Босния жана Герцеговинанын командалары катышты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги хоккейчилердин ийгилиги туурасында сүйлөшүү үчүн федерациянын вице-президенти Элзар Болотбековду, улуттук курама команданын ага машыктыруучусу Саламат Тыналиевди жана U-20 курама команданын оюнчусу Султан Исмановду чакырып маектешкен.
— Жеңишиңиздер кут болсун! Евразия кубогу деп аталган турнир жана анын расмий макамы тууралуу айтып берсеңиз?
Элзар Болотбеков: — Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы Мексикада өтүүчү дүйнө чемпионатына даярданып жатканбыз. Өзүңөр билгендей, учурда коронавирус эпидемиясы дүйнөдө өз өкүмүн жүргүзүп жатпайбы. Ошол себептен бул чемпионат жайкыга жылып калды. Ал эмес Канададагы дүйнө чемпионаты да ортолоп калганда токтотулган.
© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандын хоккей федерациянын вице-президенти Элзар Болотбеков: дүйнө чемпионаты жайга жылды
Вице-президент Федерации КР по хоккею Эльзар Болотбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Кыргызстандын хоккей федерациянын вице-президенти Элзар Болотбеков: дүйнө чемпионаты жайга жылды
Негизи даярданууга да каражат кетет. Анан биздин федерациянын президенти Анвар Оморканов "эми ушунча даярдандык, өзүбүзчө бир мелдеш уюштуруп, чечим чыгаралы" деген сунуш киргизген. Ошонун арты менен төрт мамлекеттин катышуусунда Евразия кубогу уюшулду. "Евразия" деп аталган себеби Азиядан биз, ал эми Европадан үч мамлекет катышты. Негизи бардык эле курама командаларга айтылган, бирок Мексика келе албай калды. Израилдин саясий жактан көйгөйү бар. Ошентип отуруп төрт мамлекет катышып, андан сырткары, ич ара тажрыйба алмашуу боюнча меморандумга кол койдук. Анын алкагында Евразия кубогун жыл сайын өткөрүп туруу макулдашылды. Бул боюнча Эл аралык хоккей федерациясына да сунуш кирди. Буюрса эртең же бүрсүгүнү ири конгресс болгону турат.
Ал эми турнирдин жүрүшү тууралуу кеп кылсак, алгач эле Болгариянын командасы менен чыктык. Алар биринчи дивизиондо ойноп келишет. Бизден беш тепкич өйдө турган команда. Балдарыбыз аябай жакшы оюн көрсөтүштү. Биринчи оюнда эле күчтүү команданы 7:5 эсебинде жеңип, күчүн көрсөттү. Экинчи оюнда Түркиянын курама командасы менен чыгып, мында да абдан күчтүү таймаш болду. Бирок акыры 7:5 менен утуп алдык. Үчүнчүсүндө Босния командасы менен ойношту. Булар бизден эки тепкич өйдө турат. Аларды 5:2 менен жеңдик. Кыргызстандын U-20 хоккей курама командасы буга чейин Азияда ойноп келди, эми Европаны көздөй акырындан багыт ала баштадык. Бул команда үчүн гана эмес, өлкөбүз үчүн да жакшы. Анткени Европада хоккей боюнча тарыхы тереңде жаткан, чемпиондук кубокту багындырып келе жаткан мамлекеттер бар. Ошол эле Түркия менен Болгариянын хоккейдеги тарыхы 50 жылды түзөт.
Аталган турнир Кыргызстан үчүн хоккей спортунда чоң секирик болду. Кичинекей балдарыбызды да Азияга эмес, турнирге Европага алып барып турсак, чоң ийгиликтерди багынтат эле.
© Фото / Федерация Хоккея Кыргызской Республики

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду.

© Фото / Федерация Хоккея Кыргызской Республики

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду.

© Фото / Федерация Хоккея Кыргызской Республики

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду.

1/3

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду.

2/3

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду.

3/3

Кыргызстандын хоккей командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүсү болду.

— Бул эми командалык спорт болгондуктан көп адамдын эмгеги жатат. Жаштар командасынын ийгилиги мени да абдан кубантты. Анткени кийин курама команданы түптөп, күчтөндүрө турган ушул оюнчулар эмеспи. Саламат мырза, даярдыктар тууралуу да айтсаңыз? Мелдештин жүрүшүндө команданын кандай кемчиликтерин жана артыкчылыктарын көрө алдыңыз?
Саламат Тыналиев: — Негизинен команданын 70 пайызы "Дордой" клубунун балдары. Биз 19-декабрдан баштап даярдана баштадык. Турнирге катыша турган командалар жогорку дивизиондо экенин билчүбүз. Бирок мындай жыйынтыкка жетерибизди ойлогон эмеспиз. Мелдештин жүрүшүндө атаандаштар бири-бирибизди сынашып, ал-күчүбүздү көрүп, билдик. Эми машыктыруучулук курам кеңешип, башка нукта даярданып баштайбыз. Команданын бир кемчилигин байкадым. Биз психологиялык жактан уттуруп жиберип жаттык. Себеби Болгарияны биринчи таймда 5:0 менен утуп жатып экинчи бөлүктө эсепти теңеп жиберишти. Биз үчүн балдарды психологиялык жактан ойготуу оор болду. Машыктыруучулар да U-20 жаштар курама командасын биринчи жолу алып чыктык, ошол себептен өзүбүз да көп нерсени үйрөнүшүбүз керек экен деп калдым.
© Sputnik / Асель СыдыковаХоккей боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу Саламат Тыналиев: эми машыктыруучулук курам кеңешип, башка нукта даярданып баштайбыз.
Старший тренер национальной сборной КР по хоккею Саламат Тыналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Хоккей боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу Саламат Тыналиев: эми машыктыруучулук курам кеңешип, башка нукта даярданып баштайбыз.
— Кайсы команда менен ойноо кыйын болду, кандай сабак алдыңыздар?
Султан Исманов: — Чынында бизге Болгария менен ойноо оор болду. Алар дивизиондук тепкичте бизден өйдө турат. Бирок башында нөл менен утуп келе жатып эле 5:5 болуп калып, акырында эки упай алып уттук. Психологиялык жактан утулдук. Ал эми калган эки команда менен ойногондо муз аянтчасына да көнүп калган экенбиз, жеңилирээк болду. Күчтүүлүк кылып, тактика боюнча да алдыда болдук деп эсептейм.
© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандын хоккей U-20 курама команданын оюнчусу Султан Исманов
Игрок сборной КР по хоккею U-20 Султан Исманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Кыргызстандын хоккей U-20 курама команданын оюнчусу Султан Исманов
— Даярдык жетиштүү болдубу?
С.И: — Ооба, эки жума даярдандык. Бир күндө эки жолу машыгуу бизге жетиштүү.
— Финалдын жүрүшү боюнча айтсаңыз?
С.И.: — Босния жана Герцеговина менен чыкканда абдан жеңил оюн болду. Анткени эки команданы уткан соң үчүнчүсү да биздики болоруна ишендик.
— Пандемияга байланыштуу дүйнө чемпионаттары жылып калгандыгын айттыңыз. Эми мартта тарыхта биринчи жолу бизде төртүнчү дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт. Бирок бизде эпидемиологиялык кырдаал анчейин жакшы болбой турат. Ооруга байланыштуу Эл аралык федерация кандай чечимдерди чыгарып жатат?
Э.Б.: — Эл аралык федерациядан коронавирусту тез аныктоо үчүн инструкция берилген. Анан үч күндө бир ПЦР тапшырып, балдарды киргизип чыгарбай турган вакуум өңдүү көп этаптары бар. Биз турнирге барып келгиче балдардын биринен да вирус чыккан жок. Болгон талаптарды аткардык.
Ал эми мартта Кыргызстанда өтө турган дүйнө чемпионатына толугу менен даярбыз. Бул жагынан Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясына чоң ыраазычылык. Мексикага бара жатканда да каржылоону толугу менен мойнуна алып беришти. Алдыда өтүүчү Эл аралык хоккей федерациясынын конгрессинде марттагы турнир өтөбү же бир аз жылабы, толук чечилет. Азыр арсар болуп турабыз. Эгер болсо, биз даярбыз. Анда 10-февралдан баштап толук машыгууну баштайбыз. Бирок Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал бир жумадан бери жакшы эмес. Оору күчөп бара жатат.
© Фото / Федерация Хоккея Кыргызской РеспубликиКыргызстандын хоккей U-20 курама командасы
Чемпионат Евразии U20 по хоккею - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Кыргызстандын хоккей U-20 курама командасы
— Бүгүнкү күндө хоккей боюнча Кыргызстандын жаштарынын дарамети кандай?
С.Т: — Бизде шаардык муз аянтча 2009-жылы ачылган. Ошол жылдары 5-6 жаштагы балдар арасында машыгуу башталган. Азыркы курама команданын (U-20) негизин түзгөн балдардын көбү ошол 2009-2010-жылдары машыгууну баштаган оюнчулар. Алардын ичинен колунан келген ата-энелер балдарын Канадага, Россияга окууга жиберген. Ал балдар да келип турнирде ойношту. Учурда жаштардын командалары көп эле түзүлүп жатат. Азыркы курамды "алтын жаштар" деп айта алам. Мындай балдар келиши үчүн эми күтүүгө туура келип калат.
— Султан, эмне себептен хоккейди тандап алгансыз, бул спорттун түрү сизге эмне берип жатат? Анын үстүнө хоккей бизде эми гана өнүгүп келе жаткан спорт эмеспи...
С.И.: — Мен беш жашымдан эле хоккей менен машыкчумун. Атам менен апам муз аянтчасына алгач жетелеп барышканда эле абдан жактырдым. Ошол күнү эле машыктыруучу менен сүйлөшүп, машыгууну баштадык. Хоккейдин спорттун башка түрлөрүнөн айырмасы — көрктүү, кооз спорт.
— Спорттогу максатыңыз кандай? Кыргызстанда хоккей спортунун деңгээлин кайдан көргүңүз келет, кайсы тараптан өзгөртүү керек деп эсептейсиз?
С.И.: — Баарыбыздын эле кыял, максаттарыбыз бар. Белгилүү хоккейчилер: Илья Ковальчук, Александр Овечкин, Евгений Малкин өңдүү мыкты болгубуз келет. Акыркы убакта Кыргызстанда хоккей абдан жакшы өнүгүп жатат. Алдыңкы беш-он жылда хоккейчилер көп чыгат деп ойлойм. Бизден да дүйнөгө таанымал хоккейчилер чыгып, Американын хоккей лигасында ойноп келсин деген кыялдарыбыз бар.
© Фото / Федерация Хоккея Кыргызской РеспубликиСаламат Тыналиев: Болгарияны биринчи таймда 5:0 менен утуп жатып экинчи бөлүктө эсепти теңеп жиберишти. Биз үчүн балдарды психологиялык жактан ойготуу оор болду.
Чемпионат Евразии U20 по хоккею - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Саламат Тыналиев: Болгарияны биринчи таймда 5:0 менен утуп жатып экинчи бөлүктө эсепти теңеп жиберишти. Биз үчүн балдарды психологиялык жактан ойготуу оор болду.
— Элзар мырза, буга чейин жер маселеси чечилсе хоккей комплексин курабыз деп жаттыңар эле. Учурда иш кайсы этапта?
— Бул маселе боюнча президентке кире элекпиз. Бирок бир чоң жыйында министрибиз Азамат Жаманкулов жазында жер бөлүнөрүн айтып, сөз берген. Азыр бул кагаз жүзүндө гана турат. Өткөндөгү мелдеш бизге эл аралык масштабдагы жаңы арена, хоккей комплекси керек экенин көргөздү. Көп функционалдуу комплексти курууга даярбыз. Ал өлкөдөгү хоккейдин популяризациясы жана эл аралык мелдештерди өткөрүү үчүн да керек. Комплекс курулуп калса муз аянтчаларында ойнолуучу бардык спорттун түрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлмөк, планда эки чоң муз аянтчасы жана машыктыруучу залдар камтылган. Быйыл 2022-жылы Хоккей федерациясынын түзүлгөнүнө 10 жыл болот. Ушул аралыкта майда, бирок ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылып келдик.
— Кыргыз хоккейинин мектебин түзүү жагын ойлончу убакыт келди го. Биздеги хоккей машыктыруучуларынын деңгээлине кандай баа бересиз?
С.Т.: — Дурус деп айтар элем. Мен "Локомотив" муз аянтчасында машыктыруучу болуп иштейм. Жаш балдарды, уландарды жана ветерандардын командаларын машыктырам. Ал эми Шаардык муз аянтчасында төрт машыктыруучу бар. Алар да күчтүү, Россия, Казакстандан келген. Учурда муз аянтчанын балдары жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Мындан тышкары, Нарын шаарында да муз аянтчасы бар. Анда улуттук курама командада ойногон Уран деген жигитибиз машыктыруучу. 2017-жылы Россиядан мыкты машыктыруучулар келип, тажрыйба алмашып семинарларды өтүп кеткен. Бул да бизге жакшы түрткү болду. Андан тышкары, шаарда жаш балдар арасында эл аралык мелдештер көп өткөрүлүп жатат. Ошонун аркасы менен биз да өзүбүздү өстүрүп, тажрыйба топтоп жатабыз.
Эл аралык деңгээлдеги бокс калысы Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Бокс калысы Жамилия: үч жылдыздуу калыс болуу кол жеткистей сезилчү
Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Кыргызстан 2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0