Эки ири держава жакында кагылышы мүмкүндүгүн The Economist жазууда

© AFP / DELIL SOULEIMANАКШ аскерлери танкта. Архив
АКШ аскерлери танкта. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2022
Жазылуу
Баяндамачынын пикиринде, азыртан ойлонуп иш кылбаса чатак чыгып кеткенден кийин аны жөнгө салуу бир топ татаал жана кыйын болот.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары менен Кытай согуштук алааматтан бир кадам гана алысыраак туруп жатат деп The Economist даярдаган материалда айтылгандыгын РИА Новости жазды.
Британиялык басылма 2001-жылдын апрель айында болгон чатакты эске салды. Анда америкалык чалгынчы EP-3 учагы Түштүк Кытай деңизинде Кытайдын J-8II ВВС истребители менен асманда кагышкан. Америкалыктардын аба кемеси бир топ зыян тарткандыктан уруксат сурабастан Хайнань аралына конуп, анын 24 экипажын Кытай кармап, суракка алган.
Кытайдагы АКШ элчиси Жозеф Прюер кечирим сурагандан кийин чалгынчылар бошотулган. 2001-жылы эки өкмөт окуяга чекит коюш үчүн тобокелдикке барган. Макалада абалды жөндөөнү ошол кездеги президент Жорж Буш мамлекеттик катчы, таасири күч жана тез, майнаптуу чечимди кабыл алган Колин Пауэллге тапшырган деп айтылган.
Автор тажрыйбалуу дипломат арага түшүп, сүйлөшкөндөрдү Вашингтондун саясатынан коргой алган деп жазган. Жыйырма жылдан кийин деле баягы эле теңсиздиги жок конгресс менен ЖМКлар АКШны Кытай менен орток бир пикирге келүүгө мүмкүнчүлүк бербейт өңдөнөт деп жазган колумнист.
Пулемет кармаган согушкер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө 2022-жылы согуш башталып кетиши мүмкүн?
Анын пикирине караганда, Пекин да бир топ олуттуу бул окуя боюнча жол берип, макул болууга ниети жоктой. Баяндамачы эки тарап тең маалыматты абайлап, ойлонуп иш кылган телеканалдардан эмес, ансыз да от чыгып кетчүдөй болуп турган абалды ошол кезде, 2001-жылы ого бетер кызытып жиберген, азыр да улам "камчылап" турган онлайн-басылмалардан алып жатат деп оюн андан ары улаган.
Кыйчалыш кырдаалдар боюнча эксперт Чжан Туошендин билдиргенине караганда, Кытай менен АКШ абадагы кырсыктуу окуядан кыйгап өтүү боюнча принципиалдуу түрдө таптакыр эки башка пикирде болууда. Пекин катуу туруп, өзүнүн чек арасына "АКШ авиациясын жөнөтүүнү токтотсун" деп көшөрүүдө. Вашингтон "коопсуздук" деген нерсени бекем кармап, истребителдердин жакындап келишин "кадимки, тынч эле, боло турчу" нерсе деп жатканын адис дагы бир ирет эске салган.
Байкоо салуу 2021-жылдан тарта Американын жана анын союздаштарынын учактарынын Кытайдын аба кемелери менен болгон кооптуу бир нече чатактарын каттаган. Автор кайсы бир учурда бул көрүнүштөр кырсыкка алып келиши мүмкүндүгүн, анда бул көйгөйдү чечип жөнгө салуу бир топ эле кыйынга туруп каларын айтып, материалын жыйынтыктаган.
Орто кылымдын белгилүү астрологу жана дарыгер Мишель Нострадамус - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Жаңырган жылы адамзатты эмне күтөт? Ванга менен Нострадамустун айткандары
Жаңылыктар түрмөгү
0