Эрназар балбан: Кыргызстан абдан активдүү, муну бүт дүйнө билип калды

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстан балбаны Эрназар Акматалиев. Архив
Кыргызстан балбаны Эрназар Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Ушул күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөштүн түрлөрү (эркин, грек-рим) боюнча Кыргызстандын чемпионаты жүрүп жатат.
Өлкөнүн эркин күрөш балбаны Ослодогу дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, U23 дүйнө мелдешинин жеңүүчүсү жана Токио Олимпиадасынын катышуучусу Эрназар Акматалиев турнирде олимпиадалык (65 кг) эмес, 70 килограмм салмакта ат салышат.
Спорт кабарчысы Бозулан Ысаков балбан менен маңдай-тескей отуруп баарлашкан.
— Эрназар, күрөш боюнча 2022-жылдагы өлкө чемпионатында 70 килограмм салмакта күрөшөт экенсиз. Бул олимпиадалык категория эмес да.
— Акыркы эки ири мелдеште да ушул салмакта ат салыштым. Азырынча бул категория мага ыңгайлуу. Жеке устатым, улуттук курама командадагы машыктыруучулар сүйлөшүп, макулдашканбыз. Бир жагынан жакшы болду. Салмак кууп, убаракерчилик тартпайм. Олимпиада, Азия оюндары сыяктуу маанилүү мелдештерде гана 65 килограммга түшүшүм мүмкүн. Азыр салмагым 71-72 килограммдын тегерегинде.
Негизи бул салмакка өтүүнү Ослодогу дүйнө чемпионатына даярданып жүргөндө улуттук команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов сунуштады. Ашыкча түйшүк тарткан жокмун. Ошон үчүнбү, айтор, табымда болуп таймаштым, күмүш медалга ээ болдум.
— Бир ай өтпөй 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө биринчилигине аттандыңыз.
— Бул турнирге катышар-катышпасым өзүнчө талкуу болду. Жеңиштин даамы, алтындын орду башка экен. Анын үстүнө U23 дүйнө чемпионатына 2021-жыл мен үчүн акыркы мүмкүнчүлүк эле да. Кийинки жылы жашым 24кө чыгып калат. Ошол жагдай да эске алынды.
© Фото / предоставлено Эрназаром АкматалиевымЭрназар балбан: Атамды ээрчип балык уулоого барчумун. 10 чакырымдай аралыкты жөө басчу экенбиз. Жайында жайлоого чыкчубуз. Анда да жалаң жөө басчумун. Чарчабаган сапат мүмкүн ошол кезден тарта калыптангандыр.
Борец вольного стиля Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Эрназар балбан: Атамды ээрчип балык уулоого барчумун. 10 чакырымдай аралыкты жөө басчу экенбиз. Жайында жайлоого чыкчубуз. Анда да жалаң жөө басчумун. Чарчабаган сапат мүмкүн ошол кезден тарта калыптангандыр.
— Өткөн жылдын апрелиндеги лицензиялык мелдешти кошкондо 4-5 ири мелдешке катыштыңыз. Ден соолукка оордук келген жокпу?
— Ар бирине өз алдынча программа менен системалык түрдө даярдык көрдүм. Анын үстүнө Олимпиада да мага башкача сабак болду. Машыктыруучулар тарабынан коюлган тапшырмаларды так, өз маалында аткарганга болгон аракеттерди көрдүм. Ошон үчүн кыйынчылык сезген жокмун.
— Сиз негизи бутка аз кирип, чабуул жасабайсыз. Коргонууга, анан контр чабуулга ыктап күрөшөсүз. Бул кемчилик эмеспи?
— Мындай сөздү көп уктум. Күрөшкө Нарында жашап жүргөндө катыша баштагам. Бутка кирген ыкмага көп маани бербей күрөшүп үйрөнүп калган окшойм... Азыр аракет кылып жатам. Устатым, машыктыруучулар да катуу тапшырма берген, жылыш бар.
— Күрөш дүйнөсү Эрназарды такыр чарчабаган балбан катары таанып калды. Мынчалык күчтүн сыры эмнеде?
— Атайын деле машыкпайм. Кара күч топтоо боюнча курама командага кандай тапшырмалар берилген болсо, баары менен бирдей эле аткарам. Көпчүлүк жасаганды эле жасайм. Эч кандай сыр деле жок.
Бирок бала кезимде узак аралыкка жөө баскан учурларым көп болду. Атамды ээрчип балык уулоого барчумун. 4-5 жашымда болсо керек, аябай кызыкчумун. Айылга тоо жактагы өзөндөн агып келген суудан атам балык кармачу. Мен ээрчип алып сууну бойлой бир топ жерге келип, уулап, кайра кеткенде өйүз менен түшүп кетчүбүз. Азыр ойлосом, ошондо 10 чакырымдай аралыкты жөө басчу экенбиз. Жайында жайлоого чыкчубуз. Анда да жалаң жөө басчумун. Чарчабаган сапат мүмкүн ошол кезден тарта калыптангандыр.
© Фото / United World Wrestling / Martin GaborЭрназар Акматалиев: Күрөштүн кумарына кирип кармашканда бардык аракеттер өзүнөн-өзү жасала берет. Дене жибигиче атаандаш көп упай алып кеткен учурлар болот.
Борец вольного стиля Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Эрназар Акматалиев: Күрөштүн кумарына кирип кармашканда бардык аракеттер өзүнөн-өзү жасала берет. Дене жибигиче атаандаш көп упай алып кеткен учурлар болот.
— Аягына чейин күрөшүп, беттештериңиздин көбү ири эсеп менен бүтөт. Көп учурда адегенде атаандашыңыз алдыга кетет... Аягына чукулдаганда кубалап жетип, утуп кетесиз. Бул атайын тактикалык ыкмабы?
— Жок. Күрөштүн кумарына кирип кармашканда бардык аракеттер өзүнөн-өзү жасала берет да. Дене жибип, толук аракетке келгенче атаандаш көп упай алып кеткен учурлар болот.
— United World Wrestling уюму сиздин Олимпиадага лицензиялык турнирде өзбекстандык Ильяз Бекбулатовго 8:0 эсебинде утулуп жатып, утуп кеткениңизди жылдын мыкты учуру жана финалда ирандык Амирмохаммад Язданичерати менен кармашыңызды жыл ичиндеги эң көп көрүлгөн беттештердин бири деп белгиледи. Кабардарсыз да?
— Instagram тармагында атыңды белгилеп маалымат чыгарып билдирүү келсе карап коём. Негизи мындайларга аябай деле көңүл бурбайм.
— Баса, UWW уюму чыгарган 2021-жылдагы рейтингде сиз 70 килограмм салмак категорияда үчүнчү орунга көтөрүлдүңүз. Бул үчүн акчалай сый акы (үч миң доллар) каралганы айтылды эле, алдыңызбы?
— Аты-жөнүмдү, жеке маалыматтарымды, банктык эсеп-кысаптарды сурап алышкан. Азырынча келе элек.
— Спортко кандайча аралашып калдыңыз эле?
— Биздин үй-бүлө спорт, күрөшкө ышкыбоз адамдар. Атам Кубатбек Сыдыкбеков Үч-Нура айылында грек-рим күрөшүнөн машыктыруучу, бир тууган агам Акназар грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери. Экөө тең Нарында эркин күрөштөн устат. Мени Нарын шаарына агам алып келип, шыгымды байкап күрөшкө киргизген.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум
— Грек-рим күрөшүнө катышкансызбы? Анткени бир мелдеште грек-рим спортунун бир катар мыкты балбандарын утуп алган жайыңыз бар экен.
— Бул кызык окуя болгон (күлүп). Казакстанда ири эл аралык мелдешке 61 килограмм салмакта даярданып жаткам. Мага мүмкүн болушунча көбүрөөк практика керек болчу.
Бишкекте жыл сайын СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Александр Ремезовдун ысымына арналган 20 жашка чейинки балбандар арасында эл аралык мелдеш өтөт. Бир эле учурда эркин жана грек-рим күрөшү болот. Турнирде 65 килограмм салмак категориясында күрөшүү үчүн барып таразадан өтсөм эркин күрөштө 7-8 эле спортчу катталыптыр. Атаандаш аз экен деп грек-рим күрөшүнө да катышууну чечтим. Ал жакта да 8-9 эле бала экен. Көрсө мен таразага эрте келип алыптырмын. Эртеси күнү келсем эки түрүнөн тең 20дан ашык бала болуп кетиптир. Айла жок чыктым. Грек-рим күрөшү биринчи башталып, ошондо алгачкы эле таймашта Акжол Махмудовдун агасы Нурсултан менен таймашкан экенмин.
Килемдин эки бөлүгүндө эки түрү боюнча мелдеш болуп жатат. Тияк-биякка чуркап күрөшкөм. Эки жактан тең жарым финалга чыккам. Эркин күрөштөн таймашып жатсам, экинчи жакка да чакырып калды. "Азыр 5 мүнөттө барам, биякты бүтө калайын" деп кармашты уланткам. Аны утуп, грек-римден жарым финалга эс алдырбай эле чыгарышкан. Жеңилип калдым. Күчтүү делген өзүбүздүн жана Казакстандан келген грек-рим күрөшүнүн балбандарын турнирден четтеткем. Ошентип эркин күрөштөн чемпион, грек-рим күрөшүнөн коло медаль уткам. Бул төрт жыл мурда болгон окуя. Анда 18 жашта болчумун.
Айылга барганда да анда-санда грек-рим күрөшүнүн балбандары менен кармашып калчумун. Ошондон улам Эрназар грек-рим күрөшүнө катышкан деген сөз чыкса керек.
— Айрым белгилүү балбандар спорттук товарларды чыгарган фирмалар менен кызматташат. Алардан кийинишет. Жарнамалайт. Мындай сунуштар болдубу?
— Бирин-серин болду, бирок мен баш тарттым. Жылдыз оорусуна чалдыгып калбайын деп этияттандым. Мен үчүн али эрте деп ойлойм.
© Фото / предоставлено Эрназаром АкматалиевымЭрназар Акматалиев атасы кубатбек Сыдыкбеков менен. Учурда ал Үч-Нура айылында грек-рим күрөшүнөн машыктыруучу.
Борец вольного стиля Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Эрназар Акматалиев атасы кубатбек Сыдыкбеков менен. Учурда ал Үч-Нура айылында грек-рим күрөшүнөн машыктыруучу.
— Чыныгы балбандардын трикосун биринчи жолу качан, кайдан кийгениңиз эсиңиздеби?
— Биз жаңыдан мелдештерге чыгып жүргөндө трико тартыш болчу. Агайлар кызыл, көк түрүнөн эки-үчтөн алып койчу. Таймаштарга алмашып кийип чыкчубуз.
Эң биринчи жеке өзүмдүн триком 2009-2010-жылы, 6-классымда Бишкекке келип Ражап Жанаевдин ысымындагы мелдеште үчүнчү орун алганда берилген. Артында Кыргызстанды тааныткан KGZ деген белгиси бар болчу. Мындай трикону кийүү ал кезде өзүнчө укмуш көрүнүш болчу. Аябай сүйүнүп, сыймыктангам. Көпкө чейин кийип жүрдүм. Теңтуш спортчулар сурап күрөшкө кийип чыгышчу.
— Балбан болбой калганда ким болушуңуз мүмкүн эле?
— Футболчу. Күрөштөн кийинки эле кызыккан спортум. Футболду мектептен бери эле жакшы ойнойм. Дене тарбия сабагы дегенде эле топту кубалап кетчүбүз.
Азыр Бишкекте кичи футбол сүйүүчүлөр арасында лига бар. Анда биздин РУОР-98 деген командабыз ойнойт. Жалаң балбандардан турат. Быйыл өзүбүздүн дивизиондо чемпион болуп, жогорку баскычка чыктык.
— Жаракат алып калуу кооптуулугу бар эмеспи, машыктыруучулар тыюу салбайбы?
— Агайлар ар дайым эскертип турушат. Абайлагыла, колдон келсе ойнобой эле койгула дешет. Ойнобосом сагынып кетем, көңүл жай албайт. Оюн талаасына чыгып, топту кубалап, дарбазага тээп койсом черим жазылып калат. Жаракаттан кудай сактасын! Күрөштө деле болуп калышы толук ыктымал. Футболду көбүнчө мелдештер жок маалда ойнойбуз. Турнирлерге жакындаганда токтотобуз.
— Кээде күрөштөн тажап же утулганда таштап кетем деген ойлор болбойбу?
— Колум сынды бир кезде, белимде грыжа, омурткамда жылыш болду. Ушундай жаракат алганда, ден соолук ооруп сыздаганда ойлор келген. Мындай учурда жакындарым жөлөп-таяп турушат. Агам Акназар мени аябай колдойт.
© Фото / United World WrestlingКыргызстан балбаны Эрназар Акматалиев: Жылдыз оорусуна чалдыгып калбайын деп сактанам
Борец вольного стиля Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Кыргызстан балбаны Эрназар Акматалиев: Жылдыз оорусуна чалдыгып калбайын деп сактанам
— Катуу ызаланткан жеңилүүңүз тууралуу айта аласызбы? Ачуу сезимдерди кантип жеңесиз?
— Ошол кездеги эмоция менен бир аз жинденип калышың мүмкүн. Машыктыруучулар, байкелерим, агайлар "жеңилүү болмоюн чоң жеңиштер келбейт, жашсың, алдыда көп ашуулар бар, кийинкисинде болот" деген көңүл жубатуучу сөздөрдү айтып кубатташат. Менде мындай учур көпкө созулбайт. Аны бат унутуп, кийинки максатка умтулууга аракет кылам.
Анан социалдык тармактардын колдонуучулары да колдоо сөздөрүн айтып келет. Кыргызстан бул жагынан аябай активдүү. Башка тармакты билбейм, бирок UWW же UWWasia уюмдары Кыргызстанга байланыштуу пост чыгарса, кызыл желектер, спортчуларды колдогон билдирүүлөр жайнап кетет. Муну бүт дүйнө билип калган. Балбандарга аябай мотивация берет. Кадимкидей сүйүнөсүң.
— Күрөш, футболдон башка кандай талантыңыз бар?
— Бильярд, стол теннисин ойнойм. Музыканы кызыгып угам, бирок ырдай албайм.
— Бош убактыңызда эмне кыласыз?
— Комуз күүлөрүн, дастандарды көп угам. Китеп окуйм. Жаныма дайыма китеп алып алам. Күрөш күнү, өзгөчө чечүүчү беттештер жакындаганда уйгу-туйгу, тынчсыздануу күчөйт. Жүрөктү, көңүлдү тынчтандыруу үчүн китеп окуйм. Мага жардам берет.
Соңку жолу япон жазуучусу Китами Масаонун "Кылычсыз самурай" китебинин орусчасын окуп бүтүрдүм. Турмуштан алынган окуяларга негизделген кызыктуу чыгарма экен.
— Кандай пландар бар, максаттар болсо керек?
— Быйыл Азия оюндары өтөт, дүйнө чемпионаты болот. Ошол мелдештерде күрөшүүнү максат кылдым.
Токиодо өткон XXXII олимпиадалык оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги
Интервью серебряной медалистки ОИ в Токио Айсулуу Тыныбековой МИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Ызаландым, ыйладым, бирок күмүштүн баасы башкача болду. Айсулуу Тыныбекованын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0